Сел коркунучу жана 1,3 млрд сом: Суу курулмалар октябрга чейин толук жаңыланат

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 11:25
342421.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган трагедиялуу селден жана акыркы убакта күч алган табигый кырсыктардан кийин Кыргызстанда коргоо инфраструктурасын жаңылоо боюнча ири масштабдагы иштер жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Транспорт министрлиги менен биргеликте суу өткөрүүчү курулмаларды толук инвентаризациялап, тазалоо иштерин жүргүзүп, эски түтүктөрдүн ордуна кеңейтилген заманбап конструкцияларды орнотууда. Алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга 2026-жылкы республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашык каражат каралган. Ал эми октябрь айына чейин бардык дамбалар менен суу топтоочу атайын жайларды толук текшерүү пландалууда. Экологдор сел коркунучун азайтуу үчүн "жашыл" коргонуу ыкмаларын тезирек киргизүүгө чакырып, табигый кырсыктардын күчөшүн жайыттардын деградациясы жана климаттын өзгөрүшү менен байланыштырышууда.

Кыргызстандын бардык аймактарында сел жана суу ташкындарынан жабыркаган көпүрөлөр, түтүктөр жана суу өткөрүүчү курулмалар комплекстүү текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ӨКМдин Коргоо жана координация башкармалыгынын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Беренбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында бардык тиешелүү мекемелерге объектилердин суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча расмий көрсөтмөлөр берилген.

Берилген тапшырмалардын негизинде жер-жерлерде иштер башталган. Беренбеков Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун түндүк тарабын мисал катары атады. Аталган тилкедеги суу өткөрүүчү түтүк 2024-2025-жылдары суунун көлөмүн көтөрө албай, жолду суу каптап келген.

“Бул жерде Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки жумадан бери масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат. Мурдагы курулма “бирге бир” өлчөмүндө курулган болсо, жаңы конструкциянын бийиктиги 1,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт”, – деди ал.

Анын айтымында, учурда оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн жолдун жаңы төшөлгөн асфальтынын биринчи катмары алынууда.

“Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жетектеген жумушчу топ Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы автожолдорду, ошондой эле сел жүрүү коркунучу жогору жана суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү төмөн тилкелерди текшерди. Жыйынтыгында тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилип, иштер башталды. Текшерүү учурунда көптөгөн түтүктөр бүтөлүп калганы аныкталды. Министрлик учурда аларды ыкчам тазалоодо.
Мисалы, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун 100-чакырымындагы чоң көпүрө дээрлик жарымына чейин кумга толуп калган. Ал аймактын геологиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу суу агымы көп өлчөмдө майда кумдарды алып келет. Ошондуктан көпүрө бүтөлгөн. Учурда түштүк тарабы тазаланды. Ошондой эле Корумду – Садыр-Аке айыл өкмөтүнө чейинки бардык тилкелер каралып чыгып, диаметри болгону 1 метрге жеткен шакек түтүктөр орнотулган жерлер аныкталды. Сел жыл сайын кайталанып жаткандыктан, биз Транспорт министрлигине алардын диаметрин чоңойтуу боюнча сунуштарды бердик” – деди Беренбеков.

Учурда селдин алдын алуу жана коргонуу иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө. Ал эми 7-июнда катталган кыйратуучу сел боюнча сөз кылган Нурсултан Беренбеков кырсык болгон аймакта айдоо жерлери жайгашканын белгиледи. Жергиликтүү тургундардын маалыматына ылайык, бул жерлер үзгүлтүксүз сугарылып тургандыктан жер көчкү пайда болгон. Жер көчкү кууш капчыгайдын оозун тосуп калган.

“Натыйжада суу топтолуп, жасалма дамбага окшош тоскоолдук пайда болгон. Кийин бул табигый тосмо бузулуп, күчтүү суу агымы жүргөн. Тилекке каршы, адамдар жабыркап, бир адам каза болду. Учурда ал жерде калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 450гө жакын турак жай жана чарбалык объект тазаланып, дээрлик 7 миң куб метр ылай жана таштанды чыгарылды. Тазалоо иштери уланууда. Бардык керектүү техникалар тартылып, жалпысынан 100дөн ашык адам жана 40тай техника иштеп жатат”, -деди ал.

Маселени комплекстүү жана системалуу чечүү максатында өлкөдө 2025–2030-жылдарга карата өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу жана алардын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча президенттин жарлыгы ишке ашууда. Аталган документтин алкагында министрлер кабинети тиешелүү иш-чаралардын планын бекитип, жүзөгө ашырууда.

Белгилей кетсек, ири мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, алгачкы жыйынын өткөрүп, иш регламентин жана объекттердин паспортторун бекитти. 2026-жылдын октябрь айына чейин республика боюнча суу сактагычтардын (суу топтоочу жайлардын), суу өткөрүүчү курулмалардын жана дамбалардын толук инвентаризациясы жүргүзүлөт.

Финансы министрлиги “Кабар” агенттигине 2026-жылкы республикалык бюджетте селден калкты коргоо боюнча алдын алуу иштерине, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана ыкчам чара көрүү үчүн жалпы көлөмү 1 млрд 394,3 млн сом каралганын расмий билдирди.

“Кыргызстандын калкын жана аймактарын сел агымдарынан коргоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттеринен келтирилген зыянды азайтуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүүгө 589,1 млн сом каралган. Анын ичинен 2026-жылдын 8-июнуна карата 65,8 млн сом бөлүнгөн. Зарыл болгон учурда бул каражаттар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги иштерге жумшалышы мүмкүн”,- деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары, жээктерди бекемдөө жана авариялык-калыбына келтирүү иштерине 505,2 млн сом каралган. Анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 148,8 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсепте 300 млн сом каралган. Бул каражаттар ӨКМдин сунушунун негизинде министрлер кабинетинин чечими менен каржыланат.

Эколог Анара Султангазиеванын айтымында, тарыхый жактан алып караганда сел көбүнчө өлкөнүн түштүк аймактарында катталып келген. Бул ошол аймактардагы топурактын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Ош жана Жалал-Абад облустарында борпоң топурак басымдуулук кылат. Алардын курамында болжол менен 40 пайыз чопо жана 40 пайыз кум бар. Мындай топурак өтө оор келет.

“Климаттын өзгөрүшүнөн улам кыш менен жай мурдагыдай болбой калды. Кышында кар аз жаап, жазында нөшөрлүү жаан-чачын көп жаап жатат. Күчтүү жаандан улам топурак ашыкча нымдалып оорлошот, анын натыйжасында жер көчкү көчүп, сел жүрөт. Мындан тышкары, жайыттардын деградациясы, бак-дарактардын кыйылышы жана жергиликтүү бийлик органдарынын алдын алуу иштерин жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөнү да таасир этет.

Биз климаттык өзгөрүүлөрдүн табигый процесстерге тийгизген таасирин изилдеп, Баткенди, Ат-Башыны жана Ысык-Көлдү кыдырдык. Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө сел жылына 2-3 жолу жүрөт. Агымдар борбордук жолду жана үйлөрдү каптабашы үчүн ал жерде жер казылып, жээктер бекемделип, сел нугун айылдын сыртына чыгарышкан жана сууну өткөрүү үчүн жолдун астынан арыктар казылган. Мындай иштерди бардык жерде жүргүзүүгө болот жана жүргүзүү керек. Табияттын өзүн токтото албайбыз, бирок коркунучтарды азайта алабыз. Кооптуу аймактардагы элди көчүрүп, арыктарды өз убагында тазалап туруу зарыл”, – деди эколог.

Султангазиева буга чейин селдер негизинен кардын эришине байланыштуу жаз мезгилинде гана катталса, азыр жай бою, августка чейин уланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, мунун негизги себеби экосистеманын бузулушунда. Малдын көзөмөлсүз жайылышынан жер такырланып, тоо боорлорун кармап турган бак-дарактар менен бадалдар кыйылып, кайра отургузулбай жатат.

Эксперттин пикиринде, экономика өсүп жаткан шартта мамлекет дамбаларды көбүрөк куруп, арыктарды казып жана коргоочу тосмолорду көбөйтүшү керек.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги сел коркунучун эске алуу менен Балыкчы – Ананьево – Каракол жана Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол эл аралык маанидеги жолдорунда масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Каракол – Эңилчек, Каракол – Раздольное – Совет – Сырзавод, Боз-Учук – Жыргалаң кени, Жети-Өгүз – Кой-Сары жана Ак-Булуң – Токтогул жолдорунда да иштер жүргүзүлүүдө.

Эң кооптуу тилкелерде төмөнкү капиталдык курулуштар жүрүүдө:

Таяныч дубалдары: Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 139-чакырымында №10 жол тейлөө ишканасы тарабынан таяныч дубалдары курулууда.

Коргоочу дамбалар: Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун 115-чакырымында Кара-Сай айылы менен жолду коргоо максатында №3 жол тейлөө ишканасы узундугу 1000 метр, бийиктиги 3 метр болгон шагыл-кум аралашмасынан дамба курду.

Сел агымын буруучу каналдар: Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун 5-чакырымында, сел коркунучу эң жогору болгон тилкеде Транспорт министрлиги ӨКМ менен биргеликте атайын селди буруучу канал курду. №3 жол тейлөө ишканасынын маалыматына ылайык, бул жолдун башка тилкелеринде сел агымдары катталган эмес.

Белгиленгендей, жолдорду ыкчам тазалоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн Ысык-Көл облусундагы жол тейлөө ишканаларына төмөнкү атайын техникалар бекитилген:

  • автогрейдерлер – 14 даана;
  • автосамосвалдар – 16 даана;
  • фронталдык жүктөгүчтөр – 10 даана;
  • бульдозерлер – 4 даана;
  • экскаваторлор – 3 даана.

Мындан тышкары, татаал бийик тоолуу тилкени тейлеген №3 жол тейлөө ишканасынын карамагында өзгөчө кырдаалдар үчүн 1 Хово самосвалы, 1 унаа жүктөгүч, 1 автогрейдер жана 2 пикап бар.