Индонезияда Семеру жанар тоосу кайрадан атылды

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-02-26 at 10.56.50.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында жайгашкан Семеру жанар тоосу кайрадан атылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жанар тоодон чыккан күл 3 миң метр бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Деңиз деңгээлинен эсептегенде бул көрсөткүч 6 676 метрге жетет. Индонезиянын Вулканология жана геологиялык кырсыктардын кесепеттерин азайтуу борбору аймактын тургундарын жана туристтерди этият болууга чакырып, кратерге 5 чакырымдан жакын барбоону эскертти.

Адистердин айтымында, жанар тоо атылган учурда ысык таштар чачырап, кооптуу абал жаралышы мүмкүн.

Семеру — Индонезиядагы бийиктиги боюнча төртүнчү жанар тоо. Анын бийиктиги 3 676 метрди түзөт жана ал Ява аралындагы эң бийик чоку болуп саналат.

Белгилей кетсек, Индонезия дүйнөдөгү эң чоң архипелагдардын бири болуп, 18 миңден ашуун аралдан турат. Өлкө Тынч океандын "От шакеги" деп аталган сейсмикалык активдүү аймагында жайгашкандыктан, бул жерде жер титирөө жана жанар тоо атылуулары тез-тез катталат. Жалпысынан Индонезияда 500дөн ашуун жанар тоо бар, алардын 130га жакыны активдүү.