Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жана Борбордук банктарынын жетекчилеринин жолугушуусунда ШКУ алкагында эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонуу кеңейип жатканын Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстандын экспорттук операцияларында Россия рублинин үлүшү 2021-жылы 25,5% болсо, 2026-жылдын март айына карата дээрлик 70%га жеткен. Ал эми импорттук операцияларда Кытай юанынын позициясы күчтөнүп, анын үлүшү 2021-жылдагы 1%га жетпеген деңгээлден 2026-жылдын март айында болжол менен 30%га чейин өскөн.
“Кыргызстандын алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон акча-насыялык шарттары жана туруктуу каржы сектору биздин аймакта инвестицияларды, сооданы жана экономикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн зарыл негизди түзөт”, - деди Азат Козубеков.
Ошондой эле ал дүйнөлүк белгисиздик шартында ШКУга мүчө мамлекеттердин борбордук банктары жана финансылык институттары ортосундагы координацияны бекемдөө өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын баса белгиледи.