Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун инвестициялык бизнес форумунун катышуучулары келе баштады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форум 24–25-июнда өтөт.
Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын делегациялары келишти. Алдыда дагы башка өнөктөш мамлекеттердин, анын ичинде Өзбекстан, Иран жана Кытайдын өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, алдыдагы иш-чара инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкердик байланыштарды чыңдоо жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болот.