Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жана Борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын жолугушуусунун алкагында ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү маселеси каралууда.
Кыргызстандын финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, Кыргызстан ШКУнун өнүктүрүү банкын толук кандуу көп тараптуу финансылык институт катары түзүүнү колдойт.
Анын айтымында, 2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарында бул маселе боюнча үчүнчү жолугушуу өтүп, ага мүчө мамлекеттердин позициялары банктын түзүмү, мандаты жана капиталдык базасы боюнча барган сайын жакындашууда.
“Биз 2026-жылдын август айында өтө турган саммитте мамлекет башчылары ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коёт деген үмүттөбүз. Бул уюмдун юбилейлик жылындагы тарыхый жыйынтык болмок”, — деди ал.
Белгилей кетсек, бул демилге Кыргызстан тарабынан активдүү көтөрүлүп, аталган банктын баш кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу сунушталган.
Буга чейин финансы министри Руслан Сүйналиев да “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Кыргызстан ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин көтөрүп жатканын билдирген. Анын айтымында, бул маселе эл аралык деңгээлде да талкууланып, анын ичинде Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банктын жыйынында Кытай тарап менен каралган.
Маалыматка ылайык, ШКУ өнүктүрүү банкы уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, туруктуу өсүштү камсыздоого жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого багытталган эл аралык финансылык институт болмокчу.