ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча үч жылдык жол картасы иштелип чыкты – Акжолов

ШКУ Загрузка... 29 Май 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-05-29 at 16.43.20.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары өткөн жылдагы жолугушуунун алкагында ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү зарылдыгын белгилеп, учурда финансисттер менен банкирлер бул багытта практикалык иштерди башташты. Бул тууралуу журналисттерге финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу бир катар көп тараптуу финансылык институттардын мүчөсү болуп саналат.

“ШКУнун өнүктүрүү банкы да өзүнчө финансылык институт болот. Ал келечекте уюмдун алкагында ири трансулуттук долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жеңилдетилген каржылык каражаттарды берүү аркылуу инфраструктураны жакшыртууга шарт түзүлөт. Азыркы учурда ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча убактылуу катчылык түзүлгөн. Үч жылдык мөөнөткө Жол картасы иштелип чыккан. Кечээ үчүнчү консультациялык жолугушуу өттү. Бул иштер дагы эки жыл ичинде улантылат. Азырынча негизинен банкты башкаруу мандаты, операциялык ишмердүүлүктү кандай жүргүзүү керектиги талкууланууда. Учурда банктын структурасы гана каралып жатат, уставдык капиталдын көлөмү тууралуу маселе азырынча көтөрүлө элек”, - деди Акжолов.

Ал ошондой эле Кыргызстан үчүн негизги максат – ШКУ алкагындагы финансылык кызматташтыкты конкреттүү механизмдер жана практикалык инструменттер аркылуу өнүктүрүү экендигин маалымдады.

“Бул багытта ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү, жашыл каржылоону илгерилетүү, мамлекеттик карызды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик финансыларды санариптештирүү маселелери маанилүү орунду ээлейт”,- деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана Борбордук банктарынын төрагаларынын жолугушуусу өттү.