Швециянын мектептери санарип форматтан басма китепке өтүүдө

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-02-20 at 09.03.20.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Швецияда мектептер санариптик каражаттарды ашыкча колдонуу практикасын кыскартып, салттуу окутуу ыкмаларына кайта баштады. Бул тууралуу Kazinform билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, мындай чечим iPad жана ноутбуктарды активдүү пайдаланууда окуучулардын окуу деңгээли начарлап кеткен үчүн кийин кабыл алынган.

Эми мектептерде басма окуу китептерине басым жасалып, кол менен жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана айрыкча мектепке чейинки куракта экран алдында өткөрүлгөн убакытты кыскартууга жасалууда. Адистердин айтымында, бул ыкма окуу сабаттуулугун жогорулатууга жардам берүүдө.

Айрым мугалимдер окуучулар өздөрү кагаз китептерди жана басма материалдарды көбүрөөк сурай баштаганын белгилешет. Алардын пикиринде, кагаз бетиндеги маалымат тезирээк сиңет жана жакшыраак эсте калат.

Бул технологиялардан толук баш тартуу дегенди билдирбейт. Санариптик каражаттар да колдонулууда. Бирок өкмөт китепканалар үчүн жана мектептер үчүн басма окуу китептерин сатып алууга миллиондогон каражат бөлүүдө.

2000-2010-жылдары швед мектептеринде кагаз китептердин ордун ноутбуктар жана планшеттер ээлеп, билим берүү санарип форматка өткөн. Максат - окуучуларды санариптик дүйнөгө даярдоо болгон. Бирок жыйынтыгында өлкөдөгү сабаттуулук көрсөткүчү төмөндөй баштаган.

2012-жылы өткөн PISA эл аралык тестинин жыйынтыгында Швеция окуучулары буга чейинки жылдарга караганда эң начар жыйынтык көрсөтүшкөн.

Учурда абал кайра жакшыра баштады. Өлкөдө 10 жаштагы балдар үчүн улуттук окуу сынагы башталып, эң көп китеп окуган класстар сыйлыктарга ээ болот.

Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, санариптик куралдар окуучунун билим алуусуна тоскоол болбостон, тескерисинче пайда алып келген учурда гана колдонулушу керек.