Социалдык контракттан миллиондук кирешеге: Нарындык ишкер айымдын ийгилиги

Маек Загрузка... 05 Август 2025 19:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Өлкөдө "Социалдык контракт" программасынын алкагында алгачкы 5 жаран миллиондук кирешеге жетишти. Алардын бири Нарын шаарынын тургуну Айнура Салмаке кызы үй-булөсү менен 2022-жылы аталган программа аркылуу 100 миң сом алып ашкана ачкан. Үч жылдын ичинде ашкананын иши өнүгүп, андан түшкөн киреше миллиондон ашкан.

WhatsApp Image 2025-08-05 at 18.47.31.jpeg

Нарын шаарынын тургуну Айнура Салмаке кызы 41 жашта. Жолдошу экөө 4 баланы тарбиялап келет. Алар 2022-жылы мамлекет тарабынан уюштурулган социалдык контракт программасына бизнес планы менен катышып, 100 миң сомдук каражат алышкан.

“Ишкерлик кылабыз дегендерге 100 миң сом берип жатыптыр деп угуп биз да катышып калганбыз. Каражат бөлүнүп берилгенден кийин үйдүн жанына чакан ашкана ачып иштете баштадык. Алгач павильон коюп, кийинчерээк үйгө кошуп улантып салганбыз. Жыйырмадай кишиге ылайыкталган. Тамактардын бардык түрү бар. Өзүбүз шаардын борбордук бөлүгүндө турганыбыз үчүн жаныбызда административдик мекемелер, банктар жайгашкан. Мындан улам кардарларыбыздын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик кызматкерлер. Алар биздин туруктуу кардарларыбызга айланган”,- деди ал.

WhatsApp Image 2025-08-05 at 18.47.52.jpeg

Ошондой эле анын айтымында үй-бүлө ашканадан сырткары эт сатуу менен алектенишет. Алар алдыда шишкебек жасап сатууну пландашууда.

Жалпылап айтканда социалдык контракт аркылуу Айнура Салмаке кызынын жашоосу түп тамыры менен өзгөргөн.

WhatsApp Image 2025-08-05 at 18.48.05.jpeg

“Кесибим боюнча менеджермин. Бирок учурда балдарымды тарбиялап, ишкерлик менен алектенем. Бул программа аркылуу көп ийгиликтерге жетише алдык. Жолдошум экөөбүз жөлөк пулдун акчасын карап отурбайлы деп ушул бизнести баштадык эле. Ал каражатты биз бир күндүн ичинде эле таап коюп жатабыз. Улуу балабызды медициналык колледжге окуттук. Эми жогорку окуу жайына тапшырды. Унаа алдык. Айылдагы үйүбүздү куруп бүттүк. Мал курадык. Жалпылап айтканда бул иш бизге буйруктуу жана ийгиликтүү болду”,-деп сөзүн жыйынтыктады ишкер айым.

Маалымат үчүн: “Социалдык контракт” программасы – аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында 2022-жылы түзүлгөн. Андан алынган каражат кичи ишкерликти ачууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Социалдык контракт багыттары боюнча долбоорлордун 68,9 пайызы айыл чарбасына, 11,9 пайызы өндүрүшкө, 10 пайызы кызмат көрсөтүү тармагына, 9,2 пайызы соодага туура келет.