Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Быйылкы жылга карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бюджети 23,2 млрд сом болуп, бул каражаттардын басымдуу бөлүгү же 82 пайызы жөлөк пулдарга жумшалат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары президенттин жана министрлер кабинетинин түздөн-түз колдоосу менен социалдык тармакка бөлүнгөн бюджеттин көлөмү динамикалуу түрдө өсүүдө.
“Муктаж болгон аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алгандардын саны даректүү текшерилүүдө. Азыр коомдо телевизору же муздаткычы барларга жөлөк пул берилбейт деген сөздөр айтылып жатканы менен негизи андай жок. Үй-бүлөдө киши башына минималдык киреше мурда 1000 сом болсо, аны 1500 сомго көтөрдүк. Демек, биздин аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдү камтуу да кеңейди”,- деди Сагынбаев.