Социалдык контракт программасы көптөгөн жарандарга материалдык жактан туруктуу жашоого жол ачып, бизнесин өнүктүрүүгө шарт түзүүдө. Алардын бири – үч жыл мурун аталган программадан пайдаланып, боз үй тигүү жана жасоо ишин ийгиликтүү жолго койгон ишкер айым Айгерим Сеитова. Ал Кемин районунун тургуну, бүгүнкү күндө үй-бүлөсү менен бирге ишкерлик жүргүзүп, өлкөнүн бардык аймактарынан буйрутма алып келет. Бүгүн ал “Кабар” агенттигине маек куруп, ишкерликте баскан жолу жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

- Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз? Соцконтракт программасына кантип катышып калдыңыз? Бизнес баштоо идеясы кайдан келди?
- Өзүм Талас облусунан болом. Бирок, Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. Беш баланын энесимин - 4 уул, бир кызым бар. Мен бул программага катышканга чейин көп балалууларга берилген жөлөк пулду алып жүрчүмүн. Ошол мезгилдерде бизнес планы барларга 100 миң сомдон берилет экен деп угуп калдым. Ал ортодо калкты жумуш менен камсыз кылуу борборунан эки айлык тигүүчүлүк курсун окуп, сертификат алдым. Өзүмдүн дагы бул ишке шыгым бар болгондуктан, курсту жакшы окуп бүтүрдүм. Ошол эле мезгилде таанышым мага боз үй тигип иштөөнү сунуштап калды. Мага бул сунуш жагып, бизнес планды ушул багытта жаздым. Каражат бат эле колубузга тийип, ага тигүү машиналарын алдым. Ошентип боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаларын тигип, кесиптеш эжеге жардамдашып иштей баштадым. Ошол мезгилдерде Түркияда катуу жер титиреп, тез арада 500 боз үй тигип бергиле деген сунуш түшүп калды. Күнүнө 2-3 сааттан эле уктап шашылыш иштеп жаттык. Ошентип ишимдин алгачкы бөлүгү Каракол шаарында, боз үй тигүүчүлөрдүн арасында башталды

Былтыр Кемин районуна көчүп келип, бул ишти үй-бүлөбүз менен улантууну чечтик. Мурун боз үйдүн темирлерин башкалар жасап келген болсо, эми бул ишти балам өз колуна алды. Учурда өзү дагы №60 кесиптик лицейде ширетүүчүнүн кесибин окуп жатат. Окуудан сырткары боз үйдүн темирлерин ширетип, өз колу менен жасаганды үйрөндү. Негизи биз быйылкы убакытты боз үйдүн баштан-аяк жасалышына жумшайбыз деп ойлогонбуз. Бирок, уулум минтип муну бат өздөштүрүп кеткендигине байланыштуу ишибиз дароо жүрүшүп, көп буйрутмаларды ала баштадык. Ал бизге боз үйдүн каркасын жасап берет. Ал эми жолдошум менен экинчи уулум бычып беришет. Мен жасалгаларды тигем. Атап айтканда биздики үй-бүлөлүк ишкерликке айланды. Эки уулума кадимкидей айлык акы төлөп беребиз.

- Сиздер чыгарган боз үйлөр кайсы жерлерде сатылат? Буйрутманын негизинде иштейсиздерби?
Кудайга шүгүр, боз үйлөрүбүзгө Кыргызстандын бардык аймактарынан буйрутма түшүп турат. Түштүк тарап жана башка жактарга дагы жиберүүгө ыңгайлуу болсун деп атайын ушул жерге көчүп келдик. Нарын облусунан кайрылгандар көп. Чолпон-Ата менен Бишкек шаарына жеткирүү бекер. Калган аймактарга акысына салып жиберебиз.
- Сиздердин боз үйдүн кадимки кыргыз боз үйүнөн кандай айырмасы бар? Кандай максатта алышат аны? Баалары кандай?
- Темирлерин Россиядан буйрутма кылып алдырабыз. Кездемелердин көпчүлүгү өзүбүздөн чыгат. Айрымдары Кытайдан келет. Жыгач да колдонулат. Биз колдонгон материалдарды күбө жебегендиктен, дайыма колдонууга ылайыктуу, суу өтпөйт. Анткени, ортосуна коргоочу клеенка кошуп тигебиз. Чийдин ордуна кийиз, кездемелер менен кетет. Сырты жасалганып, бел боолоруна оймо бастырылып кооздолот. Каалоочуларга ичине жалпак столдорду кошо жасайбыз.

Көбүнчө жайлоого чыккандар, жайында үйгө тигип колдоном дегендер алышат. Ортого алгандар арбын. Мисалы, айылдагы уруулар, жамааттар жакшылык-жамандыктарга колдонууга алып кетишет.
Баалары – көлөмүнө жараша 100-120 миңдин тегереги болот. Он күндүн ичинде даярдап жөнөтөбүз. Бул ишкерликти соцконтракт менен баштаганыбыз үчүн патент төлөп иштейбиз. Ишибиз декабрь айында токтоп январда кайра буйрутма берүүлөр башталат.
- Бул ишкерлик сизди кандай ийгиликтерге жеткирди?
- Ортодо боз үйлөрдү жеткирүүгө спринтер үлгүсүндөгү унааны алганбыз. Быйыл уулума керектүү тешүүчү, кесүүчү ж.б. станокторду алып бердик. Дагы бир тигүү машинкасын алдым. Балдарыбызга арнап 16 арашан койлорун алып койдук. Андан сырткары бутубузга туруп, материалдык жактан кирешебиз көбөйүп кенен жашап калдык. Жакшы жактары абдан көп болду.

Ар бир адамдын жашоодо колдой турган бир адамы болот экен. Атасы же апасы, эже-сиңди же курбусу. Менин эң чоң колдоочум – бул жолдошум. Кандай гана иш баштабайын, кандай сунуштарды айтпайын “сенин колуңдан келет” деп ар дайым колдоп турат. Ошол адамдын колдоосу менен дагы ушундай ийгиликтерге жетип отурабыз. Дайыма жанымда, колдон келген жардамын аябайт.
Андан сырткары, президентибиз Садыр Жапаровго энелерди колдоп, жакырчылыктан чыгууга жардам берип, ушундай программаларды уюштуруп жатканына ыраазычылык билдиргим келет. Бул да “уктабагыла, ойгонгула, кыймылдагыла” деген сыяктуу дем берүү же мотивация болуп саналат. Мисалы, бул акчага уй алып, сүтүн саап өткөрүп же курут жасаса деле киреше алып келүүчү бир иш болот.