Табигый кырсыктар чек араны билбейт: Борбор Азия климаттык тобокелдиктерге каршы

Экология Загрузка... 26 Июнь 2026 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Борбор Азиядагы климаттык коркунучтардын жана селдердин онлайн-каталогу, биргелешкен иш-чаралардын Жол картасы жана Инвестициялык планы түзүлөт. Бул туурасында Бишкекте өтүп жаткан "Саясаттарды шайкеш келтирүү, жол картасын иштеп чыгуу жана биргелешкен аракеттерди координациялоо үчүн санариптик инструменттерди өнүктүрүү" аттуу регионалдык талкууда белгилүү болду. Талкуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борбору тарабынан "Борбор Азияда туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү" (RESILAND CA+) программасынын алкагында өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө мекемелеринин жана эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.

Климаттын ысыгы Борбор Азиянын аялуу регион экенин көрсөттү. Ачык маалыматтар боюнча аймактын ысуу ыргагы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге жогору. Натыйжада сел жана суу ташкындары күчөдү. Региондо табигый кырсыктардан улам жылдык жоготуулар 9–10 млрд АКШ долларына чыкты. Чөлкөмдө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү жана аймактын туруктуулугун жогорулатуу максатында 2024-жылдан бери "Борбор Азияда туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү" (RESILAND CA+) программасы ишке ашырылып келет. Кыргызстанда долбоордун негизги аткаруучусу — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

"Бул долбоор климаттык жаратылыш тобокелдигин башкаруунун жаңы моделин түзөт. Биз мөңгүлөрдү, кар катмарын, сел, суу ташкындарын мониторинг кылуу системасын, Гидрометеорологиялык кызматты модернизациялап, бардык маалыматтар камтылган улуттук системаны, жерлердин деградациясы боюнча санарип платформаларды түзөбүз. Жыйынтыгында климаттык коркунучтарды эрте алдын алуу боюнча санарип экосистема түзүлөт. Ошондой эле биз 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25№ Глобалдык тоо саммитине даярдыктарга кызуу катышып жатабыз", — деди ӨКМдин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чынара Бербаева.

WhatsApp Image 2026-06-25 at 10.39.31.jpeg

Чөлкөмдүк диалогдо талкууланып жаткан маселелердин башында трансчекаралык мүнөздөгү сел, суу ташкындарынын кесепеттерин жумшартуу боюнча Регионалдык жол картасын, анын ичинде Инвестициялык планды жана Борбордук Азияда трансчекаралык табигый кырсыктардын Регионалдык онлайн-каталогун даярдоо турат. Ал каталог климатка байланыштуу табигый кырсыктар тууралуу маалыматтарды чогултуу, сактоо, талдоо жана графикалык визуалдаштыруу үчүн геопортал катары иштейт. Негизги көңүл сел, суу ташкындарына бурулууда.

"Биз климаттык табигый кырсыктардын регионалдык каталогун, маалыматтардын базасын түзүүнү караштырып жатабыз. Бул Борбор Азияда бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүүгө болгон маанилүү кадам. Өзгөчө көңүл ландшафттарды калыбына келтирүү процессине жергиликтүү коомчулукту тартууга бурулушу керек. Жаратылышты туруктуу пайдалануу тажрыйбалары дал ушул жергиликтүү деңгээлде түзүлөт. Калкты жумуш менен камсыздоо жана жашыл экономиканын өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Буга байланыштуу тоолуу аймактарды өнүктүрүүдө "Бир айыл-бир продукт" долбоорун илгерилетүү демилгелери колдоого татыйт", — деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов.

WhatsApp Image 2026-06-26 at 16.28.05.jpeg

Жаратылыш кырсыктары бир эле мамлекеттик улуттук көйгөй эмес, жалпы регион үчүн олуттуу чакырык. Андыктан биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу маанилүү. Бул туурасында Борбор Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун "Айлана-чөйрөнү башкаруу" программасынын менеджери Людмила Киктенко (Казакстан, Алматы) билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-25 at 10.43.51.jpeg

"Биз трансчекаралык сел, суу ташкындары жана башка климаттык тобокелдиктер жөнүндө айтып жатабыз, алар биздин аймак үчүн сезилерлик болуп баратат. Табигый кырсыктар административдик, мамлекеттик чек ара дегенди билбейт. Сел, суу ташкындары, кургакчылык, чаңдуу бороондор же мөңгү көлдөрүнүн ташуу коркунучу — бул бир гана өлкөнүн улуттук көйгөйү эмес. Алар бүткүл аймакка кыйынчылык жаратууда. Демек, мындай окуялардын кесепеттери трансчекаралык бассейндерге, жалпы инфраструктурага, жаратылыш ресурстарына жана коомдук коопсуздукка таасирин тийгизиши мүмкүн.
Климаттык коркунучтарды түшүнбөй туруп, туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ал эми климаттык тобокелдиктерди азайтуу маалыматтарсыз, координациясыз жана өлкөлөр ортосундагы ишенимсиз мүмкүн эмес. Ошондуктан, бүгүнкү иш-чара биздин аймактын туруктуулугун жогорулатуу боюнча кеңири аймактык аракеттерге маанилүү салым болуп саналат", — деди Людмила Киктенко.

Аймактык диалогдун жыйынтыгында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууну өнүктүрүү жана Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу күтүлүүдө.