Кыргызстандын мөңгүлөр каталогу: Климаттык өзгөрүүнүн чыныгы масштабы кандай?

Экология Загрузка... 24 Июнь 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-06-24 at 17.34.20.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандагы ири мөңгү массивдери 16 пайызга кичирейип, чакан мөңгүлөрдүн саны 2,5 эсеге көбөйдү. Ал эми Талас өрөөнүндөгү мөңгүлөрдүн кыскаруусу 40 пайыздан ашып кеткен. Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн каталогундагы көрсөткүчтөр климаттык каатчылыктын реалдуу масштабын көрсөтүүдө. Изилдөөчүлөр климаттын ысышы кайтпас процесс экенин эскертип, жаңы шарттарга адаптация болуунун маанисин белгилешүүдө.

Кыргызстан Борбор Азиянын ири мөңгүлөр топтолгон аймагы катары таанымал. Негизги муздар Тянь-Шань жана Памир тоо системаларынын өлкөбүздө орун алган бөлүктөрүндө жайгашкан.

Жалпысынан Кыргызстандагы "Мөңгүлөрдүн каталогунда" 10 миңге жакын мөңгү катталган. Учурда пайдалануудагы каталог он жыл мурун, 2013-2016-жылдары борбор азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту (CAIAG) тарабынан жаңыртылган. Андагы кыргыз мөңгүлөрүнүн расмий эсеби, алардын жайгашуу схемалары, негизги морфометриялык параметрлери 20-кылымдын 1940-1970-жылдарындагы СССРдин "Мөңгүлөр каталогундагы" маалыматтар менен салыштырылган. Арадагы 70 жыл ичинде көрсөткүчтөр кыйла өзгөргөн. Негизги себеп — глобалдык жылуулуктун күчөшү.

Каталогдо белгиленгендей, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 14 пайызга, анын ичинен ири мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми майда мөңгүлөрдүн аянты тескерисинче эки жарым эсеге (143 пайызга) көбөйгөн.

WhatsApp Image 2026-06-24 at 17.34.20 (1)

Мөңгүлөр бир катар дарыя жана көл бассейндерине бөлүнөт. Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн дээрлик жарымына жакыны (44,8 пайыз) Тарим дарыясынын бассейнине туура келет. Эриген мөңгү суулары Сары-Жаз, Какшаал, Кызыл-Суу дарыяларынан топтолуп, Ысык-Көл аркылуу Кытайдын Тарим дарыясына куят.

Мөңгүлөрдүн үчтөн бири (30,3 пайыз) Сырдарыя дарыясынын бассейнине тийиштүү. Анын башаты Фергана өрөөнүнөн башталып, негизинен Нарын дарыясы менен Өзбекстандын Карадарыясынан топтолуп, Тажикстан жана Казакстанга чейин жетет.

Ал эми Амударыя бассейнине Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 8,7 пайызы туура келет. Суу Кыргызстан аркылуу акпаса да, Чоң-Алай өрөөнүндөгү мөңгү суусу аталган бассейндин Вахш дарыясына куюп, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга чейин барат.

WhatsApp Image 2026-06-24 at 17.34.20 (2)

Каталогдогу маалыматтар боюнча, Кыргызстандын негизги бассейндеринде мөңгүлөрдүн аянты 10-17 пайызга кыскарган. Ал эми мөңгүлөрдүн саны 22 пайызга көбөйгөн. Бул мөңгүлөрдүн деградациясына байланыштуу: ири мөңгүлөр чакан муздарга бөлүнүп эрип жатат.

Алсак, көлөмү 0,1 чарчы километрден аз мөңгүлөрдүн саны 2,5 эсеге көбөйүп, көлөмү чоң мөңгүлөр 7,5 пайызга азайган.

WhatsApp Image 2026-06-24 at 17.34.21

Ачык маалыматтар боюнча, Талас өрөөнүндөгү мөңгүлөр төмөн жайгашып, анча калың эмес болгондуктан тез эрүүдө. Ошондой эле Күңгөй Ала-Тоо кыркасындагы (Чолпон-Атанын тушундагы) чокулар күндү карап тургандыктан, мөңгүлөрү артка тартылууда. Ал эми ушул эле кырканын Чоң-Кемин тарабындагы муздардын эрүү ыргагы азырак.

WhatsApp Image 2026-06-24 at 17.34.21 (1)

Мөңгүлөр Кыргызстанда эле эмес, глобалдык деңгээлде да жоголуп бара жатканы маалым. Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөрдү көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, жер бетиндеги мөңгүлөр коркунучтуу ылдамдыкта кыскарууда. 2025-жылы планетанын мөңгүлөрү 408 гигатонна музду жоготкон. Жылдык жоготуу 20-кылымдын соңундагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 4 эсе жогору.

Дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча ар кыл пикирлер, сунуштар айтылып келет. Бирок абанын температурасын өзгөртүп, карды күч менен жаадыруу мүмкүн эмес. Андыктан глобалдык жылуулукка ыңгайлашуу чаралары маанилүү. Адаптациялык чаралардын башында суу ресурстарын туура пайдалануу турат.

Окумуштуу-гляциолог, Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн каталогунун илимий консультанты Рыскул Усубалиев климаттын өзгөрүшү табигый процесс экенин, адамзат кылымдар бою жаратылышка ыңгайлашып жашап келе жатканын эскертти.

WhatsApp Image 2026-06-24 at 17.34.21 (2)
"Мөңгү — бул климаттын продуктусу. Климат кандай өзгөрсө, мөңгү оң же терс жакка өзгөрүп турат. Жылуу болсо кыскарат, суук болсо туруктуу болот. Тилекке каршы, жылуулук процесси жүрүүдө. Өзгөрүүлөргө биринчилерден болуп мөңгүлөр реакция берип, кыскарууда. Жаратылышта бир гана мөңгүдөн климаттын өзгөрүшүн көз менен көрүүгө болот. Анткени ал климаттын өзгөрүшүнө индикатор болуп эсептелет.
Мөңгү деградация болуп, аянты, узундугу, көлөмү кыскарып, саны да өзгөрүүдө. Ал эрий берет жана качан токтой турганы белгисиз. Негизи, жылуулук процесси "Кичи муз доорунан" бери уланып келет.
Мөңгүлөрдү жасалма тоңдуруу иштери адаптациялык кадамдар. Керек учурда суу жетпей калбасын деп, кошумча суу камылгасы катары колдонуп жатышат. Жаңы климаттык шарттарга көнүү чараларынын бири десе болот. Негизи, адамзат кылымдар бою жаратылыштын өзгөрүүлөрүнө, суук болсо суукка, ысык болсо ысыкка ыңгайлашып жашап келген.
Климаттын өзгөрүшүнө адам баласынын ролу бар деп жатышат. Ооба, таасири бар. Бирок бул глобалдык өзгөрүү табигый процесс. Климат туруктуу эмес, жаратылыштын мыйзамы ушул. Табият дайыма кыймылда, өзгөрүүдө болуп турат", — деди окумуштуу-гляциолог Рыскул Усубалиев.

Кыргызстан климаттык өзгөрүүнүн кесепеттери тууралуу ондогон жылдардан бери эл аралык деңгээлде коңгуроо кагып келет. 2002-жылы БУУнун колдоосу менен Бишкекте Биринчи глобалдык тоо саммити өткөн. Дээрлик жыйырма жылдан кийин президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун алкагында "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" (2023–2027-жж.) кабыл алынган. Ал тоолуу экосистемаларга жана жамааттарга байланыштуу глобалдык маселелерди эл аралык күн тартибине чыгарууну көздөйт. Учурда биздин өлкө 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине даярданууда.