Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө

Экология Загрузка... 24 Июнь 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн суусунун сапаты текшерилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гидрометеорология кызматы тарабынан көлдүн суусунун сапатына фондук мониторинг жүргүзүлдү.

Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө көлдүн борбордук бөлүгүндө иштерди жүргүзүү үчүн "Мөлтүр" илимий-изилдөө кемеси жана анын экипажы, ошондой эле жээкке жакын бөлүктөрдө иштерди жүргүзүү үчүн моторлуу кайыктар пайдаланылды.

"Мониторинг көлдүн бүткүл акваториясын камтып, 17 көзөмөл пунктунда жүргүзүлдү. Экспедициянын жүрүшүндө 35 суу үлгүсү алынды. Туруксуз компоненттер боюнча анализдердин бир бөлүгү түздөн-түз талаа шартында, кеме бортунда жана көчмө гидрохимиялык лабораторияда жүргүзүлдү. Калган үлгүлөр Кыргызгидрометтин Бишкек шаарындагы лабораториясына жеткирилип, учурда суунун сапаты боюнча изилдөөлөр улантылууда", — деп белгилешти ӨКМден.