Тарыхта биринчи жолу эне-бала Олимпиадага чогуу катышты

Дүйнө Загрузка... 17 Февраль 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-02-17 at 08.36.58.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26 /Кабар/. Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында спорттун тарыхында биринчи жолу энеси менен уулу бир мелдешке катышты. Бул тууралуу Известия билдирет.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы мексикалык тоо лыжачысы Сара Шлепер гигант слалом боюнча мелдешке чыкса, анын 18 жаштагы уулу Лассе Гахиола слалом жана гигант слалом түрлөрүндө дебют жасады.

Бул катышуу менен Сара Шлепер бир эле учурда бир нече тарыхый рекорддорду жаңылады:

  • Ал Олимпиада оюндарына эң көп (7 жолу) катышкан аял тоо лыжачысы болуп калды.
  • Тоо лыжа спорту боюнча Олимпиада тарыхындагы эң кары спортчу катары расмий таанылды.