Тендер жарыяланды: "Кыргыз темир жолу" жаңы логистикалык борбор курат

Экономика Загрузка... 03 Июнь 2026 16:25
img_6434.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Чүй облусунун Ивановка бекетинде заманбап логистикалык борбор куруу долбоорун баштады.

Ишканадан билдиришкендей, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылат.

"Борбор өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, жүк ташуу тутумун заманбап деңгээлге чыгарууга жана транспорт тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыга турган эл аралык консультант-компанияны тандоо үчүн тендер жарыяланды. Тендер толугу менен электрондук форматта, ЕРӨБдүн SMART by GEP тутуму аркылуу өтүүдө.