Тез татымдын таасири чоң! Баланын ден соолугуна эмнелер коркунуч туудурат?

Маек Загрузка... 30 Декабрь 2025 18:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Балдар травматологу, нейротравматолог жана ортопед Миңбай Жороев 1989-жылдан бери Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасында эмгектенип келет. Ал И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар хирургиясы кафедрасында окутуучу болуп иштейт. Ошондой эле 2018–2020-жылдары студенттик бейтапкананын башкы дарыгери кызматын аркалаган. 35 жылдан ашуун эмгек жолунда дарыгер көп сандаган кичинекей бейтаптарга медициналык жардам көрсөткөн. Ал алдыда “Кабар” агенттигине балдардын сынык жаракаттарынын өзгөчөлүктөрү жана алар көбүнчө кандай кырсыктарга кабылары тууралуу кеңири айтып берет.

Кыш мезгилинде сынык жаракаттар менен кайрылган балдардын саны көбөйөбү? 

Көпчүлүк ошентип ойлойт экен. Бирок, тескерисинче кырсыктар күн узарганда көбөйөт. Себеби, балдар көпчүлүк убакытын көчөдө өткөрүп, ар кандай окуяларга кабылышат. Кышында күн кыска болуп, балдар калың кийингендиктен жыгылса туруп алып кете беришет. Бирок, ошол эле маалда бул мезгилдеги балдар үчүн эң кооптуу учур - балдардын желим баштык, баллондор менен жылгаяк тебүүсү. Мунун айынан алар көп сандаган жана ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага түшүшөт.

Бүгүнкү күндө балдар арасында дагы кандай оорулар жана жаракаттардын түрлөрү басымдуулук кылууда?

Учурдагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири - тубаса өнүгүү кемтигинин көбөйүшү. Бул бала энесинин ичинде жаткан кезде эле пайда болгон дене түзүлүшүнүн же органдарынын кемтиги. Анын башкы себептеринин бири - сапатсыз тамак-аш, экология жана социалдык-экономикалык абал. Адамдын органдары бойго бүткөндөн баштап үч айга чейин калыптанат. Бул убактарда эненин сасык тумоо, өзгөчө стресс болгону абдан кооптуу. Андан сырткары, тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, баңгизаттарын колдонуу деген жаман адаттар да сап башында. 

Андан сырткары, бүгүнкү күндө балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктар көбөйдү. Ошондой эле авто кырсыктар да абдан көп катталууда. 

Балдардын сынык жаракаттары өзгөчө мамилени талап кылабы? Чоң адамдардыкынан айырмасы барбы?

Балдардын сынык жаракаттары чоң адамдардыкына караганда өзгөчөлөнүп турат. Муну анатомиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөр деп коебуз. Мисалы, сөөктүн бүтүшү, жаракаттын айыгышы, баланын организминин реакция кылышы жана башкалар. Ошого жараша аларга өзгөчө мамиле кылыш керек. Сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнөн бир жылда 90 миң бала өтөт. Анын 70% амбулатордук түрдө дарыланат. Аларга биринчи жардам көрсөтүлүп, биздин көзөмөлдө болушат. Айрым учурларда жумшак ткандар жабыркаган учурлар болот. Муундар жабыркап, көзгө көрүнбөгөн ичке кан тамырлар үзүлүп кетип, ал жерге кан уюйт. Аны дароо иммобилизация кылуу зарыл (сыныкты кыймылсыз абалга келтирүү). Болбосо жаракат татаалдашып кетет. 

Ошондой эле жумшак ткандар жабыркаган же сөөк сынып, жылышып кеткен учурларда жаракат алган аймакта шишик пайда болот. Мындай учурда ал жерге гипс коюлат. Гипс алгач нымдуу болуп, бир сутканын ичинде кургап, көлөмү кичирейет. Ошондуктан дарыгерлер баланы эртеси күнү кайра чакырып, абалын көзөмөлдөн өткөрүшөт. Себеби, жаракат алган жердеги шишик басылбай турган болсо, гипс кысып, кан тамырлар менен нервдерди жабыркатып коюшу мүмкүн. Бул Фолькмандын ишемиялык контрактурасы деп аталган оор кесепетке алып келет. Мындай учурда кан айлануу жетишсиз болуп, уулуу заттар топтолуп, акыр аягында гангренага чейин жетиши ыктымал. Ал эми чоң кишилерде андай эмес. 

Нейротравмотолия жаатында айта турган болсом, ал дагы чоңдордукунан айырмаланат. Бала башынан жаракат алганда мээ чайкалып, кан уюп калышы мүмкүн. Бул учурда дароо операция жасоого болбойт. Себеби, кан тамыр жарылганда кан токтогон учурда жасалышы керек. Эгер эртерээк жасалып калса, кайрадан канап кетиши мүмкүн. Ал эми чоңдордуку андай эмес. Ушундай айырмалары бар.

Ал эми стационарда дарыланган балдарга орундар жетиштүүбү? Аларга кандай шарттар каралган? 

Сөөк сынып туруп, жылышып кеткен учурлар да кездешет. Мындай учурларда көбүнчө операция жасалып, ал ордуна келтирилет. Мындан улам баланы ооруканага жаткырууга туура келет. Сынык жаракаттар бөлүмүндө 35 койка бар. Бирок, ички миграция өскөндөн улам балдардын саны 45-60ка чейин чыгып кетет. Коңшу Казакстандан дагы балдарды алып келишет. Мындан 15 жыл мурун медициналык академиянын педиатрия факультети жабылып калгандыктан, учурда балдар дарыгерлери аз. Арасында чет өлкөлөргө, жеке менчик ооруканаларга кетип калгандары бар. Ошондуктан да, чоң травмотологдор балдарды алгачкы кароодон өткөрүп бизге жиберишет. Ошондой эле учурда жакшы шарттар түзүлүп, оорукананын аймагына 4 кабат заманбап, жаңы оорукана салынууда. Анда бардык шарттар түзүлүп, учурда бул жерде бир палатада 10 балага чейин жатып атса, анда бир палатада 2ден бала жатып, ичинде бардык шарттары болот.

Сыныктар мурдагыдан кечирээк бүтүп жатат деп айттыңыз эле. Ушул жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз.

Балдардын сынык жаракаттары мурун 2 жумада бүтсө, азыр бир айга созулуп кетип жатат. Буга тамак аштын сапаты себепчи деп ойлойм. Себеби, балдар азыр тез татымдарды абдан көп жешет. Аларда зыяндуу ингредиенттер абдан көп. Кальций, калий, темир, фосфор сыяктуу минералдарды толук кандуу албай калышууда. Толук балдар көбөйдү. Алардын сөөгү дагы борпоң болуп калат. 

Күнүмдүк иш күнүңүз кандай өтөт? 

Биздин ооруканада иш абдан жакшы жолго коюлган. Тажрыйбалуу дарыгерлер сааттын ичиндеги механизм сыяктуу эле иштешет. Жумасына 6 күн иштейбиз. Саат эрте мененки жети жарымда жумушка келип, бейтаптарды карап чыгабыз. Ортодо операция жасайбыз. Андан кийин аларды көзөмөлдөйбүз. Ошентип, жумуш сааты  эки жарымга чейин болсо дагы, андан 1-2 саатка кеч кеткен убактар көп болот. 

Эсиңизден кетпей калган же зээниңизди кейиткен учурлар болобу? 

Андай учурлар көп эле болот. Мындан 10-15 жыл мурун Кара-Балтага алты айлык балага санавиация менен бардык. Ата-энеси ичкен адамдар экен. Бала курсагы ачып ыйлай бергендиктен, мастыгы менен абдан катуу сабап салышкан экен. Ушул окуя менин зээнимди абдан кейиткен. Дагы эсте калган учурлар - 90-жылдары тартыш жашоо, жокчулук абдан күчтүү болбодубу. Ошол мезгилдерде балдарына операция жасап, ата-энелерине жол кире берип кетирген күндөр болгон. Андан сырткары, дарыгерлерге болгон агрессиянын күчөшү мени капаландырат. Медицина кызматкерлери канчалаган эмгек кылып билим алып, ар кандай шарттарга чыдап иштешет.