Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу убактылуу пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 01 Июнь 2026 10:15
d7319828-8aa8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кыргызстандагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ушул жылдын ноябрь айына чейин убактылуу ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жаңы унаа жолунун ишке кириши өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырууда убакытты кыйла үнөмдөөгө шарт түзөт.

"Коопсуздук жана жаңы жолдун артыкчылыктары эске алынса, айдоочулар Манас шаарынан Балыкчы шаарына чейинки аралыкты болгону 6 сааттын ичинде басып өтө алышат. Бул мурдагы каттамдарга караганда убакытты эки эсеге чейин кыскартат", - деп айтылат маалыматта.

Транспорт министрлиги жаңы жолдун сапаты жогору экенине карабастан, айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Ошондой эле жооптуу кызматтар айрым тилкелерде таш кулоо коркунучу сакталып жатканын эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырышты.