Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Тоголок алтын кенинин башкы өндүрүштүк объектилерин куруу үчүн Кытайдын эл аралык China Nerin Engineering Co., Ltd. компаниясы башкы куруучу катары тандалды. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан билдиришти.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, ачык сынактын жыйынтыгында бул компания алтын ылгоочу фабриканы, калдык сактоочу жайды, вахталык шаарчаны жана башка бардык инфраструктуралык объекттерди аягына чейин куруу үчүн тандалып алынган.
Аталган компания долбоорлоодон баштап, жабдыктарды жеткирүү, курулуш, монтаждоо жана объекттерди толугу менен пайдаланууга берүүгө чейинки бардык жумуштарды аткарат. Курулуш иштерин эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.
Ишкана жетекчилиги кытайлык компания объекттердин курулуш ишин гана аткара тургандыгын өзгөчө белгилейт.
"Алар алтын казууга аралашпайт. Тоголок кенин иштетүүнү толугу менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" өз күчү менен ишке ашырат. Тоголок кени долбоору толугу менен "Кумтөр Голд Компанинин" өз эсебинен каржыланууда, сырттан эч кандай чет элдик инвестиция же насыя алынган эмес. Кендин расмий бекитилген баланстык кору 19 тонна 928 килограмм алтынды түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: China Nerin Engineering компаниясы 1986-жылдан бери иштейт. Ал тоо-кен, энергетика жана транспорт тармагында дүйнөлүк деңгээлдеги ири долбоорлорду ишке ашырып келет. Буга чейин Россия, Казакстан, Австралия, Канада, Германия, Түркия, Чили, Египет, Түштүк Африка жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө ири өндүрүш очокторун ийгиликтүү курган.