Токмоктогу окуучу кыздын окуясы агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Коом Загрузка... 21 Апрель 2026 11:50
DSC_3010.jpg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Токмоктогу окуучу кыздын зордукталышы боюнча окуя агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.

Ведомствонун маалыматына караганда, окуя боюнча Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө өз убагында кылдат териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

"Учурда Токмок шаарынын мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.