Союздан калган техникалар эскирди: Токой кызматына 20 трактор берилди

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына бүгүн ӨКМге тапшырылган 116 техниканын ичинен 20 трактор берилди. Бул тууралуу Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул тракторлор токой кызматындагы чарбалык иштерди аткарууга керектелет.

“Республикалык бюджеттин эсебинен алынган атайын каражаттардын ичинен 20 трактор алганы турабыз. Буга чейин пайдаланып келген "Беларус" тракторлорунун колдонуу мөөнөтү бүткөн. Жаңы алып жаткан тракторлордун бирден-бир өзгөчөлүгү тетиктер зарыл болсо маселе жаралбайт. Дизелди ылгабаган бул тракторго ар кандай шаймандарды чиркеп талаа жумуштарын жүргүзүүгө өтө ыңгайлуу. Учурда материалдык-техникалык базабыз 100 пайыз камсыздалган дегенден алыспыз, бир топ техникаларыбыз союз учурунан бери колдонулуп келгендиктен эскирген. Бүгүнкү күндө иштебей, металлолом болуп жаткан техникаларды эсептен чыгарууга макулдук алып жатабыз”,- деди Тагаев.

Белгилей кетсек, 2025-жылы аталган кызмат өздүк каражаттын эсебинен 30 даана JAC Т8 үлгүсүндөгү атайын жол тандабас унааларды алып, республикадагы бардык токой чарбаларына таркатып берген.

“Алдыга Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын толугу менен чыңдоо максатын койгонбуз. Алсак, “Желмаян” аталган каражаттар учурда күнөскана ичинде иштегенге өтө ыңгайлуу болуп жатат. Биз буга чейин 20 мотоцикл, 20 “желмаян” алганбыз. Негизи бизде жалпы республика боюнча 280ге жакын техникаларыбыз бар. Анын дээрлик 60 пайызы союздан калган техника болгондуктан, эскилиги жеткен. Андан тышкары, дрондорду алып жатабыз”,- деди ал.

Тагаев Кыргызстандын жеринин 6,4 пайызы токой баскан массив болуп саналаарын жана бул болжол менен 900 миң гектарга жакын токой баскан аянт экенин кошумчалады. Ошондой эле учурда токой менен байланышта турмуш-тиричилигин өткөргөн 2,5 миллионго жакын калк бар экендигин айтты.