Токтогулда жыл башынан бери 32 жаңы объект ачылып, жүздөн ашык жумуш орду түзүлдү - аким

Маек Загрузка... 28 Август 2025 18:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө арналган чоң салтанат Жалал-Абад шаарында белгиленери маалымдалып, анын алкагында Токтогул районунда да майрамга карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Эгемендүүлүк күнүнө карата жана жыл аягына чейин Токтогул районунда ишке берилүүчү социалдык жана өнөр жай объектилери, аймакты көрктөндүрүү, жол оңдоо иштери тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине райондун акими Акылбек Тюкебаев маек берди.

- Быйыл Токтогул районунда канча өнөр жай ишканасы ишке берилет? Түзүлгөн жумуш орундары тууралуу да айта кетсеңиз?

- Алгач ишке берилген ишканалар тууралуу айтсам, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата райондо жалпы 32 жаӊы обьект ачылып, 128 жаӊы жумуш орундары түзүлгөн. Мунун ичинде 8 өнөр жай ишканалары бар. Мисалы, райондогу ири ишканалардын бири Үч-Терек айыл аймагынындагы “Астория Групп” ЖЧК тарабынан 20 жумуш ордун түзгөн бетон завод курулуп быйылкы жылдын март айында ишке берилген. Курулуш иштерине 1 млн доллар каражат сарпталган заводдо саатына 200 тонна таш майдаланып, 160 м3 бетон аралашмасы өндүрүлөт. Заводдун продукциясы Камбар-Ата-1 ГЭСине жана жергиликтүү калкка сатылат.

Ал эми жылдын аягына чейин ачыла турган ишканалар Үч-Терек айыл аймагынын Кара-Суу суусунда “Кайнама ГЭС” ЖЧКсы тарабынан 2025-жылдын март айында 5,0 МВт чакан ГЭСтин курулушу башталган. ГЭСтин курулушуна болжолдуу 5,3 млн доллар сарпталып, 15 жумуш орун түзүлөт. Мында бир жылда 28 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Курулуп жаткан “Кайнама-2” чакан ГЭСинин машина залынын бетон иштери аяктап, темир каркастарын орнотуу иштери башталган. Токтогул шаарынын “Кайрак” участогунда мөмө-жемиш сактоочу 260 тонналык соода логистикалык борбордун, 2 мал соючу жайдын жана 2 балык чарбасынын ачылышы күтүлүүдө.

- Райондогу социалдык объектилер тууралуу маалымат берсеңиз? Аймакта бала бакча, мектеп, оорукана жетиштүүбү?

- Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Токтогул районунда бир катар жаңы жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептер, өндүрүш тармагындагы объекттер пайдаланууга берилмекчи. Атап айтканда, Э. Иманалиев айыл аймагындагы Өзгөрүш айылында 100 пайыз курулушу бүткөрүлгөн №36 А.Ибраимов атындагы орто мектеп 1-сентябрда ачылат. Ошондой эле Арал айылындагы Тешебаев атындагы орто мектеби окуучуларды кабыл алмакчы. Ал эми капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки билим берүү жайы да ишке берилет.

Жыл аягына чейин дагы эки мектеп пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Андан башка 2 мектептин кошумча корпусунун курулуш иштери уланууда. Мындан тышкары, Токтогул районунун борбордук стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Токтогул районунун аймагында жалпы 23 бала бакча бар, андан сырткары он 3 сааттык бала бакча иштеп жатат. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Көпүрө-Башы участкасында бала бакчанын курулушу аяктап, 1-сентябрь ишке берилет. Ошондой эле Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чоң-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иштери башталуу алдында турат.

- Токтогул районундагы спорт аянтчаларынын, ооруканалардын абалы кандай?

- Токтогул районунун аймагында жалпы 37 мектептин спорттук аянтчалары, 24 мектептин спорт залдары бар. Андан сырткары, 6 күрөш залы, 1 штанга залы, 5 спорт залы, 33 кичи футбол аянтчалары бар. Негизинен райондогу спорт аянтчаларынын абалы жакшы. Токтогул шаарында шаардык мэриянын бюджетинен жана атайын эсептен каржыланып спорт комплексинин курулушу жүрүүдө.

Ооруканалар тууралуу айтсак, Токтогул району боюнча калктын саламаттыгына кам көрүү боюнча Токтогул, Үч-Терек жана Өзгөрүш жалпы дарыгерлер практикалык борборлору жана райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору иш алып барат. 2024-жылдын февраль айынан тартып Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунда Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору аркылуу “Компьютердик томография” кабинети ачылып, бейтаптарды кабыл алып иштеп жатат. Мамлекеттик “Эл аман” дарыканалары да ачылган.

- Райондогу жолдорду оңдоо иштерине токтолсоңуз, быйыл канча көчө оңдолууда же оңдолду?

  • Район боюнча 3 автожол жана 2 көчө асфальттанган. Алардын ар бирине токтолсок:
  • Токтогул-Беш-Таш автожолу 1,0 чакырымы асфальттанды, сметалык наркы 9,6 млн сом;
  • Токтогул-Толук-Сары-Камыш автожолу 5,0 км асфальттанды, сметалык наркы 48,0 млн сом;
  • Токтогул шаардык мэриясы, Арал айылында 1,0 км көчө асфальттанды сметалык наркы 9,23 млн сом;
  • Үч-Терек-Кызыл-Өзгөрүш автоунаа жолу 7 км асфальттанды, жалпы сметалык наркы 70,0 млн сом.
  • Кызыл-Туу айылында 0,54 км көчө асфальтталып, сметалык наркы 3,7 млн сомду түзгөн.

Мындан сырткары, Токтогул шаарында 1,1 км көчө асфальттого даярдалып, шагыл төгүлүп, тегиздөө иштери аяктап калды.

- Районду жашылдандыруу жана тазалык сыяктуу чарба багытында кандай иштер жүрүүдө?

- Районду жана Токтогул шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалыгын сактоо иштери боюнча 2025-жылдын 25-августуна чейинки мезгилде 23 жолу ишембиликтер өткөрүлдү. Жалпы 3 миң 200 адам ишембиликке катышып, 110 га аянтындагы жерден 95 тонна таштанды чыгырылды. Жалпы аянты 71,6 га жерге ар кандай жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу 79 миң 832 түп көчөттөр отургузулду. Борбордук маданият үйүнүн алдында узундугу 100 м туурасы 4 м унаа токтоочу жайлар иретке келтирилди.

- Эгемендүүлүк күнүндө Токтогулда кандай иш-чаралар өтөт, даярдыктар тууралуу айта кетсеңиз?

- Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Токтогул районунда өтүүчү иш-чаралар планы ушул жылдын 30-июлунда бекитилген. Ага ылайык айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыларды алып чыгуу, Бишкек-Ош автожолунун жээгин, айыл аймактардын, мекеме, ишканалардын, жеке турак-жайлардын айланасын иретке келтирүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Майрамдык салтанат өтүүчү жайларды иретке келтирүү, иш-чарага ылайык жасалгалоо, көрнөк-жарнактарды илүү иштери бүттү. 31-август күнү борбордук аянтта салтанаттуу парад жана майрамдык чоң концерт уюштурулат. Иш-чара спорттук оюндар менен уланат.