Түптүн Кең-Суу айылында заманбап көп кабаттуу үйлөр курула баштады

Аймак Загрузка... 26 Июнь 2026 09:15
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Түп районунун Кең-Суу айылында ипотекалык батирлердин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Турак жай комплекси "Хан-Теңири-6" деп аталып, долбоордун алкагында алты кабаттуу үч заманбап турак үй курулат. Жалпысынан 180 батир пайдаланууга берилет. Анын ичинен 42 бир бөлмөлүү, 102 эки бөлмөлүү жана 36 үч бөлмөлүү батир каралган.

"Турак жай комплекси 1,65 гектар жер аянтында жайгашып, жашоочулар үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалат. Комплекстин аймагында балдар аянтчасы, кичи футбол талаасы, теннис корту, эс алуу жайлары, сейилдөө жолдору, жашылдандырылган аймактар, ички жолдор курулуп, 220 орундуу унаа токтотуучу жай болот", — деп айтылат маалыматта.

Турак жайдын курулушун баштоо аземине катышкан президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев калкты турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Жаңы турак жай комплекси бардык заманбап инженердик коммуникациялар менен камсыздалат. Тактап айтканда, батирлер электр энергиясы, таза суу, канализация жана жылытуу системаларына туташтырылып, жашоочулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.