Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Түштүк Кореянын соту өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Мындай чечим ал 2024-жылы өлкөгө аскердик абал киргизгени үчүн кабыл алынганын, Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, январь айында ага дагы бир катар айыптар тагылган. Алардын ичинде расмий документтерди бурмалоо да бар. Жалпысынан экс-президентке каршы 8 кылмыш иши козголгон. Прокуратура бул беренелер боюнча 10 жыл абак сураган. Натыйжада сот аны бул айыптар боюнча 5 жылга эркинен ажыраткан.
2024-жылдын декабрында Юн Сок Ёль өлкөгө аскердик абал киргизген. Бул чечим коомчулукта нааразычылык жаратып, парламент аны тез арада жокко чыгарган. Акырында мурдагы президент чечимин артка кайтарып алган. Андан кийин парламент ага импичмент жарыялаган.
Январда атайын прокурор Чо Ын Сок жана анын командасы Юн Сок Ёлго эң оор жаза - өлүм жазасын берүүнү суранышкан. Алардын айтымында, ал бийлигин сактап калуу үчүн сот жана парламентти көзөмөлгө алууга аракет кылып, мыйзамсыз аракеттерге барган.