Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Ош – Кара-Суу унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында узундугу 18,690 чакырым жол асфальтталууда.
"Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипед тебүүчү жол курулууда. Учурда курулуш иштеринин 30 пайызы аяктады", - деп айтылат маалыматта.
Жолдун эки тарабы толук жарыктандырылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жолдун 7 чакырымдык бөлүгүнүн ортосуна туурасы 4 метр болгон бетон барьер орнотулат. Ошондой эле унаа кыймылы жогору болгон жолдун баштапкы 0–2 чакырымдык бөлүгү 6 тилкелүү болуп курулат.
Учурда жол курууга жалпысынан 122 жумушчу тартылып, 117 даана атайын техника иштеп жатат.