Венесуэлада 2 миңден ашуун адамга мунапыс берилди

Дүйнө Загрузка... 24 Февраль 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-02-24 at 09.45.59.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Венесуэлада 2 миңден ашуун адамга мунапыс берилип, эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам күчүнө киргенден бери 177 адам абактан бошотулган. Мындан тышкары, милдеттүү түрдө каттоодо (сот көзөмөлүндө) турган 2021 адам толугу менен эркиндик алган.

Ошондой эле мунапыс алуу боюнча 3 миңден ашуун арыз түшкөн.

Венесуэланын Улуттук ассамблеясы 19-февралда мунапыс тууралуу мыйзамды акыркы окууда кабыл алган. Мыйзам 1999-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 30-январына чейин саясий кылмыштар жана аларга байланыштуу аракеттер үчүн жоопко тартылган же соттолгон адамдарга тиешелүү.

Ошол эле учурда мыйзам оор кылмыштарга колдонулбайт. Алардын катарына адам укуктарын одоно бузуу, адамзатка каршы кылмыштар, согуш кылмыштары, атайылап киши өлтүрүү, жаза мөөнөтү тогуз жылдан ашкан маңзат соодасы жана мамлекеттик мүлккө каршы кылмыштар кирет.