Баңгизат. Ырахаттын аз мүнөтү талкаланган өмүрлөргө арзыбайт - Эдил Марлис уулу

Пикир Загрузка... 05 Сентябрь 2025 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу эле, жаңы чакырыкка туш болууда – бул жаштар арасында баңгизаттын жайылышы. Аң-сезимди өзгөртүүчү, көз карандылык патологиялык жана айыккыс болуп калган таблеткалар жана порошоктор түнкү клубдарга агылып кирди. Айрымдар үчүн бул бизнес, ал эми колдонуп көнүп калгандар үчүн бул акырындык менен келүүчү өлүм. Бул көйгөй менен алектенген эксперттер белгилегендей, азыр трендде метамфетамин, прегабалин, нитазендер турат. Булар адамдын инсандык сапат, белгилеринен ажыратып, апийим менен героинге караганда адамды тез өлтүрүүчү күчтүү синтетикалык наркотиктер.

БУУнун маалыматы боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүндө өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы наркомания глобалдык көйгөйгө айланууда. Регион кылмыштуу топтор үчүн транзиттик аймак болбой эле, баңгизаттарды колдогон аймакка айланды. Мындан улам адистерди кооптуу жагдайлар тынчыздандырууда. Алардын айтымында, өлкө ичинде кимдир бирөө көмүскө бизнес менен алектенип эле тим болбостон, күчтүү наркотиктердин массалык түрдө жайылышы аркылуу улуттун генофондуна зыян келтирип жатат.

Жайында УКМК Бишкектеги бир нече түнкү клубдарда тинтүү жүргүзгөн. Атайын кызматтар айрым жайлардын ишмердүүлүгү жаштарды ЛГБТ коомчулугуна тартуу жана баңгизаттарды колдонуу аркылуу адепсиздикке багытталганын аныкташкан. Текшерүү учурунда психотроптук заттар жана "аптекалык баңгизат" деп аталган заттар табылган. Дааратканаларда порошок салынган пакеттер болгон. Психотроптук жана баңгизаттык заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Рейддер атайын кызматтар тарабынан көңүл ачуучу жайларга үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылы эле УКМКнын башчысы клуб ээлерин эгерде алар баңгизат сатууга көз жумуп коюшса, аларга чара көрүлө тургандыгын эскерткен. Анда Камчыбек Ташиев маселе барган сайын курчуп баратканын баса белгилеген.

«Эгерде өлкөдөгү баңгизат кырдаалы ушул эле деңгээлде сакталып кала берсе, анда эң көп дегенде 10 жылдан кийин биздин коом чоң көйгөйгө туш болот. Ошондуктан бардык укук коргоо органдары баңгизаттарды тараткандарга каршы аёосуз күрөш жүргүзүшү керек. Мындай адамдарга мыйзам чегинде бардык чаралар колдонулат. Мектептерди, ЖОЖдорду, мекемелерди, түнкү клубдарды, кафелерди, ресторандарды милиция, прокуратура, УКМК өзгөчө көзөмөлгө алышы керек, анткени мындай талапты бизге мамлекет башчысы койгон. Президент өсүп келе жаткан муундун келечегине тынчсызданууда», - деп баса белгилеген УКМК төрагасы.

БУУнун баңгизаттар боюнча дүйнөлүк баяндамасында камтылган маалыматтарга ылайык: 2022-жылы 292 миллиондон ашык адам баңгизат колдонгон – бул он жыл мурункуга караганда 20%га көп. Мурун транзиттик аймак деп эсептелген Борбор Азия азыр керектөө рыногуна айланууда. Негизги коркунуч – героин сыяктуу өсүмдүк баңгизаттарынан арзан, күчтүү жана байкоо жүргүзүүгө кыйын болгон синтетикалык заттарга өткөндүгү.

Акыркы бир нече жыл ичинде дүйнөлүк наркобизнес түп-тамырынан бери өзгөрдү. Эгер мурда кара базардын негизин классикалык апийимдер түзсө, бүгүнкү күндө синтетикалык заттар, өзгөчө метамфетамин жана нитазендер үстөмдүк кылууда. Алар дозадан бир аз ашып кеткен учурда эле өлүмгө алып келет. Өндүрүш талаалардан жабык лабораторияларга, ал эми сатуу мессенджерлердеги байланыш жана жашыруун жерлер аркылуу санариптик мейкиндикке көчтү. Бул наркокартелдер үчүн чыгымдарды азайтып, укук коргоо органдарынын ишин татаалдаштырат.

Мында "синтетиканын" өндүрүшү салттуу баңгизаттарды жасоого караганда кыйла арзан болгондугу эң чоң коркунучту жаратат. Картелдердин ортосундагы атаандаштык таблеткаларды, порошокторду жана туздарды өспүрүмдөр менен жаштар үчүн ого бетер жеткиликтүү кылат. Бул "арзан маңзат" Бишкекте гана эмес, башка аймактардагы көңүл ачуучу жайларга да тарап кетти. Статистикалык маалыматтардан көрүнүп тургандай, жалпысынан Борбор Азияда жаштар арасында баңгизаттарды колдонуу акыркы жылдары тынымсыз өсүүдө.

Кыргызстанда күч органдары дээрлик жума сайын жашыруун баңгизат жасоочу жайларды аныктап, дистрибьюторлорду жана жашыруун сатуучуларды кармап жатышат. Ири өлчөмдөгү баңгизаттарды саткан топтор кармалууда. Жазында Бишкекте үч жерде "синтетика" жасаган эл аралык кылмыштуу тармактын бети ачылган. Кылмышкерлер бир нече миң адамды "ууландырууга" мүмкүн боло турган, 45 килограмм кооптуу дары сатууга даярдашкан. Ушул бир эле кармалган партиянын баасы 3 миллион долларды түзөт.

Наркокартелдердин ишмердүүлүгү аныкталгандан кийин эле дароо токтотулат, ал эми укук коргоо органдарынын колуна көбүнчө "жашыруучулар" деп аталгандар түшөт. Бирок, санариптик мейкиндикте иш алып баргандар криптовалюталар менен акчасын төлөгөндүктөн, кураторлор көбүнчө жазасыз калышат. Анткени алар лабораториялардын, дилерлердин жана дистрибьюторлордун ишин чет өлкөдөн координациялашат.

Ал эми учурда наркобизнесмендер мектептерге да жетүүгө аракет кылышууда. Ошондой эле мессенджерлер жана жашыруун жерлер аркылуу өспүрүмдөрдү оңой акча табуу мүмкүнчүлүгү менен азгырып, адегенде жөн эле татып көрүүнү жана досторун "сыйлоону" сунушташат. Ушундай жол менен "туз" деп аталган баңгизаттар таратылат. Башкача айтканда, дарыканадагы күчтүү таасир этүүчү дарылардан жасалган арзан "синтетика". Ал биринчи-экинчи дозадан эле көз карандылыкты пайда кылат жана айыккыс дартка айланат. Бул химия түзмө-түз майып кылат, ошол эле учурда ал барган сайын жеткиликтүү болуп баратат.

Баңгизатты бир эле жолу колдонуу өспүрүмдүн жана анын бүтүндөй үй-бүлөсүнүн жашоосун талкалашы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өспүрүмдөргө медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева «Биринчи радионун» радиосунда билдирди.

Анда ал мындай деген: «Эң кооптуу миф: бир жолу эч нерсе болбойт. Жаңы психоактивдүү заттар (ЖПЗ) – бул күчтүү стимуляторлор, алар кайтарылгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн».

Психикага жана нерв системасына таасир этүүчү синтетикалык кошулмалар колго жасалып, формулалары тынымсыз өзгөрүп турат. Мындай заттарды шылуундар "дизайнердик" баңгизаттар деп аташат. "Биз чоң трагедияларга туш болуп жатабыз. Көп учурда ата-энелер көз карандылыкты эрктин күчү менен чечсе болот деп ойлошот, эгер бала кааласа таштай алат деп эсептешет. Бирок бул оору, аны бир гана каалоо менен көзөмөлдөө мүмкүн эмес", - деп белгиледи Тинатин Сагымбаева.

Дарыгерлер ата-энелерге салмактын кескин өзгөрүшүнө, каректин чоңоюшуна, көздүн кызарышына, агрессивдүү же обочолонгон жүрүм-турумуна, окуудагы жетишкендиктердин төмөндөшүнө, уйкунун бузулушуна, кубарган териге көңүл бурууну сунушташат. Эгерде колдонуу белгилери байкалса, дароо адиске кайрылуу керек.

Коопсуздук тармагынын эксперти Эдил Марлис уулунун айтымында, синтетикалык баңгизаттар маселеси бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйү болуп саналат.

"Мындай препараттарды жасоо жана таратуу трансчек аралык маселе. Өндүрүш лабораториялары чакан, аларды атүгүл батирге да жайгаштырууга болот. Кайсы гана шаарда, кайсы гана өлкөдө болбосун, негизинен бул иш менен келгин "гастролёрлор" алектенишет. Наркокартелдер материалдарды дары-дармек катары жашырышат, алардын айрымдары кээ бир мамлекеттерде тыюу салынган да эмес.

Жайылтуу жагын карасак, интернет аркылуу жеткирүүчүлөрдү алыстан, адатта башка өлкөдөн туруп көзөмөлдөөгө болот. Ошондуктан мындай мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы күрөшүү абдан кыйын. Бул үчүн укук коргоо органдарынын күчү, компетенциясы жана ыйгарым укуктары дагы жетишсиз. Азыр бул ишке коомдук институттарды кошуу, антипропаганда жүргүзүү маанилүү. Жаштар арасында координацияланган аракеттер зарыл. Өспүрүмдөр көңүл ачуучу жана энергия берүүчү таблетканы бир эле жолу татып көрүү менен өздөрүнө кандай балээ алып келээрин түшүнүшү керек. Ырахаттын бир нече мүнөтү талкаланган өмүрлөргө арзыбайт. Алар муну түшүнүшү зарыл", - деп баса белгилейт Эдил Марлис уулу.

Эксперттер түзүлүп жаткан абалды мындайча сүрөттөшөт – «синтетика» оңой жеткиликтүү жана салыштырмалуу арзан, ошол эле учурда санариптик логистика таратуучу тармактарды аныктоодо көйгөйлөрдү жаратат. Криптовалюталар, анонимдүү капчыктар ири дилерлерди аныкталбас жана табылгыс кылат.

istockphoto-871572762-612x612.jpg

Мессенджерлерде атайын жабык каналдар бар, анда баңгизатты тандап, криптовалюта менен төлөп, түз байланышсыз эле катып коюлган жердин көрсөтмөлөрүн алса болот. Таркатуу процессине өспүрүмдөр барган сайын көбүрөөк тартылууда. Лабораториялар үйдө, гаражда же жертөлөдө жайгаштырылышы мүмкүн. Көптөгөн заттар азырынча эл аралык көзөмөлгө алынган тизмелерге киргизилген эмес, бул аларды баңги бизнес үчүн өзгөчө жагымдуу кылат.

Милиция жана атайын кызматтар түнкү клубдарда рейддерди улантып, белгисиз таблетка жана порошоктор түрүндөгү заттарды таап, алар жасалган лабораторияларды аныкташууда.

Кыргызстан жана коңшу өлкөлөр олуттуу көйгөйгө туш болушту. Эксперттер жаштарга белгисиз заттарга жолобоого, аларга кызыгууга жана сынап көрбөөгө чакырып, мантра сыяктуу кайталоодон тажашпайт. "Синтетиканын" бир-эки жолу колдонулушу көз карандуулукту пайда кылат. Жаңы дозаны издөө наркоман үчүн жашоонун маанисине айланат, калганынын баары маанисин жоготот.