Мыйзамсыз таштанды төгүү: Ак-Кудук айыл өкмөтүнө айып салынды

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 10:05
730713526_919700437825814_6841777803320723631_n.jpg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнө ири өлчөмдө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан аталган айыл өкмөттө пландуу текшерүү жүргүзүлгөндө мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталган.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 3 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар фактысын жоюу боюнча эскертүү баракчасы берилди.

727954865_1345274980881000_1486804716669751189_n.jpg