Бишкек, 21.06.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Чолпон-Атада өткөн Ысык-Көл эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тарабынан демилгеленген бул форум көп жылдар бою элдер, маданияттар жана цивилизациялар ортосундагы диалогду чыңдоочу негизги ынтымак аянтчасы катары өз актуалдуулугун сактап келгенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал Айтматовдун адамзаттык идеялары бүгүнкү күндө да маанисин жоготпогонун айтып, өз ара түшүнүшүүнүн, маданияттар аралык диалогдун жана эл аралык кызматташтыктын заманбап глобалдык чакырыктарды чечүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурду.
"Цивилизациялар ортосундагы диалог, өз ара түшүнүшүү жана тилектештик заманбап чакырыктарды чечүүнүн негизги шарттары бойдон калууда", - деди Өмүралиев.
Ошондой эле ал ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу өнөктөштүк улам барган сайын бекемделип жатканын билдирип, Түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү маданий жана тарыхый мурасын коргоо, ошондой эле аны эл аралык деңгээлде жайылтуу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолду.
Бул багытта бирдиктүү түрк алфавитин кабыл алуу жараянын жана мүчө мамлекеттердин алдыңкы окумуштуулары менен эксперттеринин Түрк дүйнөсүнүн орток тарыхын жазуу боюнча жүргүзүп жаткан натыйжалуу иштерин мисалга келтирди.
Муну менен катар, ал Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүн кубаттады. Ал глобалдык көйгөйлөрдү, анын ичинде климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү сактоо жана суу коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүдө көп тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.