Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат – транспорт министри

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-06-04 at 14.42.56.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда Ысык-Көл көлүн айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу уланууда. Бул тууралуу "Ачык кабинет" медиадолбоорунун алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда.

6

"Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол багытындагы жолду куруу пландалууда", - деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, бул долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, аймактын туристтик жагымдуулугун арттырууга жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жол ачат.

Эске салсак, бүгүн министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында бир катар объекттерди кыдырууда. Бул долбоор ведомствонун ишмердүүлүгү жана жер-жерлердеги долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.