Экологиялык рейд: Ысык-Көлдө бир айда дээрлик 1 млн сом айып салынды

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда бир ай ичинде жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 929 миң сом көлөмүндө административдик айып пул өндүрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин аймакта экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу максатында масштабдуу рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.

Натыйжада жаратылышты пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча көптөгөн фактылар ачыкталып, акыркы бир айда эле 78 административдик протокол түзүлгөн.

Белгиленгендей, жайкы туристтик сезондун кызуу учурунда Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо багытындагы көзөмөл иштери мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантылмакчы.