Оштун борбордук аянты көрктөндүрүлүп, заманбап жарыктандыруу орнотулду

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 10:10
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аянтта заманбап түнкү жарыктандыруу системасы орнотулуп, тесттик режимде пайдаланууга берилди.

"Бул борбордук аянттын көркүн ачып гана тим болбостон, тургундар менен коноктор үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга өбөлгө түзөт, - деп айтылат маалыматта.

Калаа башчысы Жанарбек Акаев шаарды көрктөндүрүү, заманбап шаардык чөйрөнү калыптандыруу жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштер мындан ары да улантыларын билдирди.