Кочкордогу эс алуу багы жаңыланууда: амфитеатр жана веложол салынат

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Кочкор районунда аянты 4,8 гектарды түзгөн эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.

Курулуш министрлигинин маалыматында белгиленгендей, учурда жарыктандыруу системасы орнотулуп, бак-дарактар отургузулду. Ошондой эле асфальт жана брусчатка төшөлүүдө. Долбоор 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда.

Эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат. Мындан тышкары коомдук даараткана салынып, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт.

Реконструкция иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.