Алайкуудагы сел каптаган унаа жолдору бир тараптуу ачылды

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 11:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү селден улам жабылган унаа жолдорунда бир тараптуу каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлдагы катуу жаандан кийин Терек – Чаты-Терек унаа жолунун 10 чакырымдык аралыгына жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 107-115-чакырымдарына сел түшүп, кыймыл убактылуу токтогон.

"Жеринде №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар кызуу иштеп, сел калдыктарын тазалашты. Учурда аталган багыттарда жолдорду кеңейтүү жана толук калыбына келтирүү иштери улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.