Унаа каттамы ачык: Нарында сел каптаган жолдор тазаланууда

Аймак Загрузка... 02 Июль 2026 09:50
733062842_2307441116750949_957253054675073821_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт жана Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолдорунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө, учурда каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 1-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 273-275-чакырымдарында жана Сары-Булак – Соң-Көл багытынын 0-3-чакырымдарында жолдун айрым тилкелерин суу каптаган.

Жерине №14 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар ыкчам тартылды.

"Учурда автогрейдердин жардамы менен суунун нугун буруу, жолдун үстүн кырып-тегиздөө иштери аткарылууда. Эки жолдо тең унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.