Жалал-Абад облустук милициясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана оорук эмгекчилерин куттуктады

Аймак Загрузка... 08 Май 2026 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жалал-Абад ОИИБ

Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов 9-май – Жеңиш күнү менен облустун аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мурза Далиевди жана оорук эмгекчилерин майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ардагерлерге белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, согуш учурунда өздөрүнүн каармандыктарын көрсөтүп, тынчтык алып келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди.

Өз кезегинде согуштун жана ооруктун ардагерлери милиция кызматкерлерине ак баталарын берип, өлкөдө ар дайым тынчтык болушун каалашты.