Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагындагы медициналык мекемелерде бейтаптарды руханий жактан колдоого багытталган жаңы долбоор ишке ашырылууда.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун алкагында облустук, шаардык жана райондук ооруканаларда көчмө китепканалар, "Китеп куржун" иш-чаралары жана атайын китеп текчелери уюштурулду.
Көчмө китепканаларга көркөм адабият, тарыхый, илимий, ошондой эле балдарга арналган китептер коюлган. Китептер бейтаптарга палатага чейин жеткирилип, каалоочуларга убактылуу пайдаланууга берилүүдө.
Белгиленгендей, бул долбоор президенттин өкүлү Тилек Текебаевдин демилгеси менен ишке ашырылды.