Кырдаал көзөмөлдө: Баткенде селден кийинки калыбына келтирүү иштери күчөтүлдү

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 09:25
726596901_1738788520629026_9127692384835170903_n.jpg
copyright icon Баткен шаарынын мэриясы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев селдин кесепеттерин жоюу жана кырдаалды көзөмөлдөө боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү, калктын коопсуздугун камсыздоо жана жаралган көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле электр энергиясын калыбына келтирүү, таза суу менен камсыздоо, жолдордун жана социалдык объектилердин абалын көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштерди улантууда.

726606443_1738788597295685_3073813455528814618_n.jpg

Шаар башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, бардык кызматтарды координацияланган жана ыкчам иштөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.