Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Учурда өлкөдө дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 85 пайызга топтолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө үрөн чарбаларында, үрөн ташып келүүчү компанияларда жана жеке фермер-дыйкандардын колунда жетиштүү көлөмдө үрөн кору бар.
“Башка үрөндөр толук 100 пайызга камсыздалган. Мындан сырткары, мамлекет тарабынан 30 пайыздык жеңилдетилген дотация менен үрөн чарбалары аркылуу дыйкандарга үрөн таратылып берилет. Буудай, арпа, картошка, эспарцет, кара беде жана пахтанын үрөндөрүн дыйкандар үрөн чарбаларынан 30 пайыздык жеңилдик менен алса болот”, — деди Туратбек Идрисов.
Ошондой эле ал жер семирткичтер республика боюнча атайын пункттарда сатылып жатканын маалымдады.
“Бүгүнкү күндө жалпысынан 26 миң тоннадай жер семирткич өлкөгө алып келинди. Алар республика боюнча уюштурулган 30–40 сатуу пунктунда сатылууда. Баалар былтыркы жылга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Учурда ташып келүү иштери дагы деле уланууда”, — деп кошумчалады ал.
Министрликтин өкүлү жазгы талаа иштерине даярдыктар кызуу жүрүп жатканын белгилеп, бирок быйылкы жылга "Кыргызгидромет" кызматы суу тартыштыгы болушу мүмкүн деген божомол айтып жатканын эскертти.