Адистер 2027-жыл дүйнө жүзүндө глобалдык температура жогорулап, рекорддук көрсөткүчкө жетерин билдирип, коңгуроо кагууда. Эксперттердин божомолунда, алдыдагы жыл акыркы үч жылга караганда ысык болот. Экологдор Жер шарындагы бул көйгөй Борбор Азияга да таасирин тийгизерин белгилешет. Алар бул чөлкөм дүйнөдө эң тез ысып жаткан кургак аймактардын бири болуп бара жатканын эскертишет. Анткени жай мезгилинде температура нормадан 5–7°Cга жогору болушу мүмкүн. “Кабар” агенттиги дал ушул глобалдык температуранын өзгөрүшү жана анын Жер шарына тийгизе турган таасиринин айланасында сөз кылат.

2026-жылдын июнь айына чейин Тынч океандын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө Эль-Ниньо деп аталган, рекорддук глобалдык температурага алып келүүчү климаттык кубулуш пайда болушу мүмкүн. АКШнын Улуттук океан жана атмосфералык изилдөөлөр башкармалыгынын Климаттык божомолдоо борбору 2026-жылдын май жана июль айларынын аралыгында Эль-Ниньонун болуу ыктымалдыгы 82 пайызды түзөрүн, ал эми жылдын аягына чейин 96 пайыз сакталарын белгилеген.
Климатологдор эгер Эль-Ниньо 2026-жылдын экинчи жарымында күчөсө, 2027-жыл рекорддук ысык жыл болушу мүмкүн деп эскертишет.
Ирландиянын Улуттук метеорологиялык кызматынын климат боюнча адиси Тидо Семмлер:
"Глобалдык жылуулук тенденциясынан улам, Эль-Ниньосуз да 2026-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп калуу коркунучу бар. Эгер Эль-Ниньо 2026-жылдын экинчи жарымында пайда болсо, 2027-жылы рекорддук ысык жылдын болуу коркунучу жогорулайт", - деген.
Планетадагы байкоолордун тарыхында акыркы үч жыл ысык жылдардын үчтүгүнө кирген. АКШдагы Berkeley Earth Research Group көз карандысыз изилдөө тобунун илимий кызматкери Зик Хаусфазер Эль-Ниньо кубулушу 2023-жылдын орто ченинде эле пайда болгонун жана ал 2024-жылдын апрелине чейин созулганын The Guardian гезитине айткан.
Анын пикиринде, 2024-жылы кубулуштун айынан глобалдык температурага болжол менен 0,12°C кошулган. Ошондой эле Зик Хаусфазер да жогорудагы Тидо Семмлердей эле Эль-Ниньонун 2027-жылы Жер планетасына таасири жогорулай тургандыгын, абанын температурасында рекорддор жаңыланарын кошумчалаган.
Эксперттер 2027-жылы планетада мүмкүн болгон негизги маселелерди тизмектеген:
Глобалдык температуранын жаңы рекорддору
Илимпоздор 2027-жыл акыркы тарыхтагы эң ысык жылдардын бири болушу мүмкүн деп эсептешет. Себеби Эль-Ниньо океандагы жылуулукту атмосферага чыгарып, дүйнөлүк температураны көтөрөт.
Аномалдуу ысык толкундар
Европа, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азияда узакка созулган ысык аба ырайы болушу мүмкүн.
Кургакчылык жана токойдогу өрттөр
Австралия, Түштүк-Чигыш Азия жана айрым кургак региондордо жаан азайып, өрт коркунучу өсөт.
Катуу жаан жана сел
Кээ бир өлкөлөрдө тескерисинче нөшөрлүү жаан, сел жана бороон күчөшү мүмкүн.
Климаттын мындай темп менен өзгөрүшү Жер шарында, жадакалса эң муздак болгон Антарктида менен Арктикада да абанын температурасынын жогорулай баштаганынан байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине эколог Анара Султангазиева билдирди.

Ал белгилегендей, байкоолорго караганда, абанын температурасынын жогорулашы мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышына өз таасирин тийгизүүдө.
“Климаттын өзгөрүшүнөн улам Кыргызстандагы чоң мөңгүлөр майда мөңгүлөргө айланууда. Саны көбөйгөнү менен көлөмү азайып баратат. Жыл мезгилдерин алсак, кышында кар көп жаабай жатат. Мурдагыдай кышы бою жааган кар жок. Жааса да тез эрип кетет. Кышында жаабаган кар жазында жамгыр менен төгүп берет. Ал эми жаан деле мөңгүлөрдүн эришине терс таасирин тийгизет. Жайкысын болсо, адам чыдагыс аномалдуу ысык аптап болууда”, - дейт эколог.
Анара Султангазиеванын айтымында, Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүү соккусун биринчилерден болуп сезүүдө, андыктан бул көрүнүш аймакты кыйгап өтпөйт. Буга байланыштуу ал чөлкөмдөгү өлкөлөр биргелешкен аракеттерди көрүшү зарыл деп эсептейт.

Борбор Азия дүйнөдө эң тез ысып жаткан кургак аймактардын бири болуп баратат. Жай мезгилинде температура нормага караганда 5–7°C жогорулайт деп айтылууда.
“Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу, кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүп келет. Кыргызстан да экологияга байланышкан эл аралык ири иш-чараларда тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү маанилүүлүгүн белгилеп жатат. Анткени тоолуу өлкөлөрдүн тоо-экосистемасы климаттын өзгөрүшүнөн көбүрөөк жапа чегүүдө. Ошондуктан аймакка каржылык каражаттарды тартуу, биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу, ири долбоорлорду чогуу ишке ашыруу зарылдыгы жөн жеринен келип чыккан жок”, - деп белгилейт Анара Султангазиева.
Дагы бир эколог, илимий кызматкер Айгүл Ырсалиева алты материкте экологиялык көйгөйлөрдү жаратып жаткан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөлөр бир нече багытта иш жүргүзүшү керектигин билдирди.

Ал үчүн бардык мамлекеттер “жашыл” экономика, “жашыл” энергияны тандашы кажет. Бул мезгил талабы.

Суу коопсуздугу
- Суу сактагычтарды көбөйтүү
- Тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү
- Кургакчылык кезеңине карата резервдерди түзүү
- Ичүүчү сууну үнөмдөө
Айыл чарбасын адаптациялоо
- Кургакчылыкка чыдамдуу үрөндөр
- Мал үчүн тоют резервдери
Энергетика
- ГЭСтер үчүн суу көлөмүнүн божомолдорун жакшыртуу
- Күн жана шамал энергетикасын көбөйтүү
Шаарлар
- Жашыл аймактарды көбөйтүү жана башкалар.
“Кыргызстан күн жана шамалдан электр энергиясын алууну дагы көбөйтүшү керек. Бара-бара көмүрдү колдонуудан баш тартуу зарыл. Айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтуу маанилүү. Дизелдик отун менен жүргөн транспорттун ордуна электромобилдердин жана газ менен жүргөн унаалардын санын көбөйтүү керек. Ошондуктан адамдар климаттын өзгөрүшүн тездетпей, тескерисинче, басаңдата турган “жашыл” экономика, “жашыл” энергия жана жашыл технологияларга басым жасап, колдон келишинче аларды жакшы адатка айлантуусу зарыл. Борбор Азияда глобалдык маселеге каршы турууда жакшы иштер аткарылууда. Буга ар бир адам өз салымын кошушу керек”, - деген оюн айтты эколог.