Жогорку Кеңешке келип түшкөн 174 мыйзам долбоорунун 112си кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 24 Июнь 2026 19:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында 174 мыйзам долбоору келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев маалымат жыйынында билдирди.

Маматалиев белгилегендей, бул сессияда 43 пленардык жыйын өттү. Келип түшкөн 174 мыйзам долбоорунун ичинен 112си кабыл алынды. Анын ичинен 92сине президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Мыйзам долбоорлорунун дээрлик көпчүлүгү министрлер кабинети тарабынан келген. Депутаттар тарабынан – 16, президенттен – 5, Башкы прокуратурадан келген бир мыйзам долбоору кабыл алынды", – деди төрага.

Ошондой эле ал токтомдордун саны 609 болгонун, булардын жарымы иш, жарымы кабыл алынган мыйзамдын алкагындагы токтомдор экенин айтты.

Белгилей кетсек, учурда парламентте 90 депутат бар, алардын 31и аял эл өкүлдөрү.