Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку соттун судьясы кызмат ордуна Алмаз Калыбаевдин талапкерлиги жактырылды.
Буга чейин анын талапкерлигин парламенттин тармактык комитети караган.
Алмаз Калыбаевдин өмүр баяны менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Талапкер буга чейин Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы кызматын аркалаган.
Жаңы кызмат ордуна дайындалган Алмаз Калыбаев Жогорку Кеңеште дароо ант берди.