Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.
Райондун акими Жаныбек Исаков мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Белгиленгендей, учурда райондун аймагында 21 объект курулуп жатат. 2026-жылдын аягына чейин административдик имараттарды, социалдык инфраструктура объектилерин, алты чакан футбол аянтчасын жана заманбап спорт комплексин камтыган 16 объектти бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.