Жумгалдын айыл өкмөттөрүнө 60 млн сомдук техникалар берилди

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 13:45
728627554_1514.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Жумгал районунун алты айыл өкмөтүнө 60 млн сомго атайын техникалар сатылып берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, райондун жаңы түзүлгөн алты айыл өкмөтүнө 10 млн сомдон акча каражаты да бөлүндү.

"Бул иштер административдик аймактык реформанын биринчи этабынан кийин айыл өкмөттөрдү жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо максатында жүргүзүлдү",-деп белгиледи президент.