Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" ААК жана Doppelmayr компаниясы Жыргалаң курортуна кошумча төрт асма жол куруу боюнча келишимге кол коюшту.
Мекемеден билдиришкендей, документке "Ала-Тоо Резорт" ишканасынын жетекчиси Жаркынбек Максутов жана Doppelmayr компаниясынын бөлүм башчысы Валерий Яшин кол койду.
Бул долбоор Ысык-Көлдө заманбап тоо-лыжа курортун куруунун уландысы болуп саналат. Былтыр башталган эки негизги асма жол ушул жылдын май айында ишке берилет.
"Бүгүн кол коюлган келишимге ылайык, жыл аягына чейин Жыргаланда дагы төрт асма аркан жол курулат. Натыйжада декабрь айына карата асма аркан жолдорунун жалпы узундугу 8 чакырымдан ашык. Ал эми лыжа тебүүчү трассалардын узундугу 46 чакырымга жетет", - деп айтылат маалыматта.
Валерий Яшин билдиргендей, курортту өнүктүрүүнүн мастер-планы даярдалып, биринчи этапта асма жолдордон тышкары бардык керектүү инженердик инфраструктура курулат. Жабдуулар дүйнөлүк стандарттагы заманбап технологияларга негизделген.
Тоолуу аймактын татаал шартына карабастан, подрядчы компания иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү пландоодо. Курорттун биринчи этабы толугу менен ушул жылдын декабрь айында аяктап, туристтерди кабыл ала баштайт.