Өзүн-өзү баккан шаарлар: Аймактарды өнүктүрүү эмне үчүн маанилүү?

Коом Загрузка... 21 Май 2026 16:35
shaar.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Акыркы жылдары өлкөдө шаарларды өнүктүрүү багытында мамлекеттин колдоосу артууда. Шаарларга ири өлчөмдөгү каражаттар бөлүнүп жатат. Эксперттер белгилегендей, шаарларды өнүктүрүү бул ар кыл тармактардагы иштердин алга жылуусун шарттайт. Инфраструктуралар жакшырып, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын саны жогорулайт. Жаңы ишканалар ачылып, жергиликтүү тургундар жумуш орундары менен камсыздалат. Бул ирет "Кабар" агенттиги аймактардагы шаарларды өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу айтып берет.

526556649_3500653630077811_6127151425075576716_n

Учурда шаарларды өнүктүрүү өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, элдин жашоо деңгээлинин жогорулашына жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишине өбөлгө түзө тургандыктан, мамлекет тарабынан шаарларга колдоо көрсөтүүгө артыкчылык берилүүдө. "Кабар" агенттигинин "Кабар подкаст" берүүсүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдиргендей, ал Токмоктун мэри болуп турган кезде шаарга мынчалык каражат берилген эмес.

702590592_1324467039872190_5117738916473008894_n

Амангелдиевдин айтымында, бүгүнкү күндө шаарларга каралган каражаттардын өлчөмү көбөйүүдө. Шаарларды өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжаларына жергиликтүү тургундар күбө болушууда.

"Мен Токмок шаарынын мэри болуп дайиндалганда, шаардын бюджети терс көрсөткүчтөрдү көрсөтүп турган. Акча жок, карызы көп болчу. Ички карыздарды жабуу үчүн каражат сурагам. Сунушум колдоо таап, коммуналдык карыздарды жаап, андан кийин акырындап ишти баштаганбыз. Салык чогултабыз деп, үч-төрт салык инспекторун алмаштырдым жана жакшы ыкмаларды колдондук. Мунун аркасында салык базасын көбөйттүк. Жыйынтыгында мен мэрликтен кетип жатканда, Капиталдык салымдар беренесинен 180 миллион сом чыгымдап калдык. Бул каражаттун эсебинен жолдорду, парктарды салдык, мектептерди оңдодук, төрөт үйүн курдук жана бир топ жакшы иштерди кылдык. Ошол иш-аракеттерди шаардыктар менен биргеликте аткардык. Мен убагында шаар үчүн 1 млрд сом карызга сурагам. Бирок мүмкүнчүлүк жок экенин айтышкан. Андай каражаттун берилишин эч ким ойлогон да эмес. Мына азыр шаарлардын өнүгүүсү колдоого алынды. Токмок, Кара-Балта менен Каракол шаарларына биринчилерден болуп 1 млрд сомдон берилген. Андан кийин Нарын жана башка шаарларга каражаттар бөлүндү. Каражаттардын өлчөмү өсүп, чындап эле жергиликтүү тургундар натыйжасын көрүп баштады", — деп белгиледи Данияр Амангелдиев.

Шаарларды өнүктүрүүдө экономикалык тармактагы долбоорлорге өзгөчө көңүл бурулса, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактары өнүгөт. Жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Инвестиция тартылып, жаңы завод-фабрикалар, ишканалар ишке кирет. Анын натыйжасында калктын жашоо сапаты жакшырат. Билим берүү, саламаттык сактоо кызматтары жана турак жай жеткиликтүү болот. Шаарлар инновациянын жана технологиянын борборуна айланат. Санарип кызматтары кеңири колдонулат. Ошондой эле маданий жана социалдык өнүгүүсүндө көзгө көрүнөрлүк жылыштар байкалат. Алсак, театр, музей, китепкана, спорт комплекстери көбөйөт. Адамдардын социалдык активдүүлүгү жогорулайт.

Мамлекеттин шаарларды өнүктүрүүгө миллиард сомдон баштап каражат бөлүп жатканы туура чечим экендигин экономист Кубан Чороев айтат.

df010a9ac00cb055193eae37ea5ba24c_XL.width-800

Эксперттин пикиринде, бирок бул жерде эң башкы маселе — бөлүнгөн каражат жөн гана көчө оңдоп, бордюр алмаштырууга кетпеши керек. Чыныгы өнүгүү өзүн-өзү баккан, киреше тапкан, калкынын жашоо шартын жакшырткан шаарга айлантуу маселесинде турат.

"Ар бир шаардын салыштырмалуу артыкчылыгы бар, бирөөндө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кийинкисинде туризм дегендей. Караколдо, мисалы, туризм шаарды өнүктүрүүнүн ачкычы. Республикалык бюджеттен 2022-2023-жылдары Каракол шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом каралган. Акыркы жылдары Каракол кышкы туристтик сезонду расмий ачып, өлкөнүн туризми өнүгүп жаткан шаарына айланып келе жатат. Туризм өнүксө, жергиликтүү бюджеттин салык базасы кеңейет. Демек, шаар республикалык бюджетке түбөлүк көз каранды болбой, өзүнүн туристтик кирешеси аркылуу өнүгө баштайт. Ошондуктан ар бир шаар өзүнүн уникалдуу экономикалык артыкчылыгын табышы керек", — деп эсептейт экономист.

Экономист Кубан Чороев шаарларды өнүктүрүү боюнча беш багытты сунуштады:

Экономикалык база же жумуш орундары. Ишканалар ачылбаса, өндүрүш жанданбаса, эң сонун жол да жыл өткөн сайын калктын чет өлкөгө агылып кетишин токтото албайт. Шаар өз потенциалын туура пайдаланып, каражат ошол багытка жумшалышы зарыл.

Инвестицияны тартуу. Инвесторго даяр аянтча, инженердик инфратүзүм (суу, электр, канализация), жеткиликтүү жер маселеси жана жеңилдетилген шарттар керек. Инвестор кирешени издейт.

Инфратүзүм. Жол керек, ал талашсыз. Бирок "жол кайда барат?" деген суроо жаралат. Ал базарга, өндүрүш зонасына, логистикалык борборго байланышса, экономикалык натыйжа берет.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.42.33 (1)

Жумушчу күч. Билим берүү, медицина, маданий мейкиндик жакшырбаса, жаштар ал жерде калбайт. Ошондуктан шаарды өнүктүрүү менен калктын миграциясын кармап калууга болот.

Жергиликтүү бюджеттин өз алдынчалыгы. Шаар бир нече жылдан кийин республикалык бюджетке көз каранды болбой, өз салык базасынын кирешеси менен жашай алабы? Чыныгы ийгилик ушунда. Ошондуктан программалардын натыйжасын төшөлгөн жол менен өлчөбөш керек. Мында канча жаңы жумуш орду түзүлдү, канча ишкана катталды, салык түшүүсү канча өстү, калктын саны азайбай туруктуу болдубу деген сандар менен өлчөнөт. Бул көз караш менен иштесек, бөлүнгөн ар бир сом шаардын келечегин курат.

photo_53281935_Vwlb_x8m0T5i.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Жыйынтыктай келсек, бүгүнкү күндө шаарлар экономикалык өнүгүүнүн, инновациялардын жана жумушчу күчтүн борборлоруна айланууда. 2025-жылы эле Кыргызстанда 1,8 млн чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилген. Бул шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган. Анын ичинде ипотекалык механизмдер аркылуу 4600дөн ашык үй-бүлө жаңы батирлердин ачкычтарын алышты.

WhatsApp_Image_2025_LjqRM7E.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1)

Учурда өлкө боюнча 70 миңден ашык ипотекалык батир курулуп жатат, бул турак жайдын жеткиликтүүлүгүн мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу негиз түзөт.

666554406_1419.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Дагы бир мисал, Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү Борбор Азиядагы алгачкы завод ачылды. Бул да башка шаарларга үлгү боло алды. Завод жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетүү аркылуу 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Эми Каракол жана Ош шаарларында да таштанды заводунун курулушу пландалууда. Мына ушундай завод-фабрикалардын санынын көбөйгөнү менен шаарлардын өнүгүшү улана берет.

Экономист Улукман Мамытов шаарларды тең салмактуу өнүктүрүү керектигин айтат. Антпесе аймактардан борбор калаага көчүп келүүнү каалагандар көбөйө берет. Шаарлар өнүксө, аймактарга да оң таасир берет. Жумуш орундары түзүлүп, ички миграция азаят.

1759575767_10649153.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

"Шаарларды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү боюнча өкмөттүн демилгеси жакшы. Мисалы, Германияда ар бир шаардын банктык системалары, чакан бизнестерди өнүктүрүү боюнча пландары бар. Биздин шаарларды өнүктүрүүдө ушундай реформалар үлгү боло алат. Экинчи мисал, бул Кытай. Ал жакта жыйырма жылдай болуп калды окшойт, ири реформалар болгон. Алар кайсы провинция жакшы өнүгө турганын айтышып, жарышка коюшкан. Ошол маалда региондорунда ири корпорациялар ишке киргизилген экен. Мына ушундай тажрыйбаларды да эске алуу зарыл деп ойлом. Башкы максат — шаарларда жумуш орундарын түзүү. Ошондо көбүнесе жаштар Бишкекке эле иштөөгө келбей, өз аймагында жумуш таап, иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Шаар жана аймактарды өнүктүрүү иштеринин аркасы менен өлкө тең салмактуу өнүгөт", — деп айтты Улукман Мамытов.