Токтогул суу сактагычында түнкү рейд: Торлор жана кайык алынды

Коом Загрузка... 21 Май 2026 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычынын аймагында балык корун сактоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында күнү-түнү рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат. "Кабар" агенттигинин кабарчылары инспекторлордун бул аракетине жеринде күбө болушту.

Экологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери түн ичинде дагы рейд жүргүзүүнүн себебин түшүндүрүп беришти. Алардын айтымында, браконьерлер түн ичинде тор салып, таңга жуук чыгарып кетип жатышат деген маалыматтар түшкөн. Ошонун негизинде бул ирет текшерүү иштери Барчын жана Жаңы-Арык тилкелеринде түнкүсүн уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан браконьерлик фактылар аныкталып, суунун ичинен 400 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз иш-аракетке колдонулган бир кайык да алынып, тиешелүү тартипте таризделди.

Текшерүү маалында жээк бойлоп балык уулап жүргөн жарандар көзөмөлдөн өтүп, аларга учурда балыктардын урук чачуу мезгили жүрүп жаткандыгы түшүндүрүлдү. Дал ушул убакта балык кармоо жаратылышка олуттуу зыян алып келери жана мыйзам чегинде жоопкерчилик каралары эскертилди.