Быйыл Кыргызстанда билим берүү тармагы тарыхый бурулуш жасоо алдында турат. Өлкө жаңы окуу жылынын башталышы менен 12 жылдык билим берүү системасына биринчи кадамын таштайт. Бул үчүн жаңы окуу стандарттары жана атайын программалар иштелип чыгып, сингапурдук ыкма боюнча мугалимдер даярдалууда. Ошондой эле окуу китептери жаңыртылып, айрым класстарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 12 жылдык билим берүүнүн алкагында быйыл 1-класска 2019-жылы төрөлүп, 6 жашка толгон балдар кабыл алынат. Ал эми 2018-жылы төрөлүп, “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасынан өткөн балдар 2-класска кабыл алынат.
Ошондой эле 2025-2026-окуу жылында секириктер болбойт. 12 жылдык билим берүүнүн негизинде 2-класска отуруп жаткан окуучулар (2018-жыл), жаңыртылган программа менен, ал эми быйыл 2-класс боло турган окуучулар (2017-жыл) кадимки программа менен билим алышат. Андан сырткары, 5-7-класстын окуучулары жаңыртылган окуу программалары менен окутулат.
12 жылдык билим берүүдө төмөндөгүчө:
- 1-6-класттар – башталгыч класстар;
- 7-8-9-класстар – ортоңку класстар;
- 10-11-12-класстар – жогорку класстар болушат.
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомамбетовдун билдирүүсүнө ылайык, учурда окуучуларды жаңы программа жана жаңы окуу китептери менен окута турган мугалимдер даярдалып жатат.

“Негизи 12 жылдык билим берүүгө мугалимдерди даярдоо иши былтыр башталган. Өткөн жылы Сингапур өлкөсүнөн адистер келип эл аралык методика боюнча 88 мастер-тренерди даярдап кетишкен. Анын негизинде жылы бою математика жана физика, география, биология, химия предметтери боюнча 15800ден ашуун мугалим окутулуп келди. Быйыл экинчи этаптын алкагында дагы Сингапурдан келген адистер 241 мастер-тренерди даярдап кетишти. Алар учурда мугалимдерди окутуу иштерин улантып жатышат. Жалпысынан алганда 30 миңдей 1-2- жана 5-7-класстардын математика жана табият таануу сабактарынан берген мугалимдери окуудан өткөрүлүшү керек. Андан сырткары күзгү жана кышкы каникулдарда да окутуу иштери улантылат”.
Директор ошондой эле дагы бир багытта мугалимдер билим алып жаткандыгын кошумчалады.

“Буга чейин эле мугалимдер мурунку план-график боюнча окуудан өтүп турушчу. Бул жолу программалар жаңыланып, 12 жылдык билим берүүгө басым жасалып жаткандыктан дагы, алар алдын ала даярдалып жатышат”,- деди ал.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен жаңы окуу-методикалык комплекстер чыгарылууда.
Учурда «Англис тили» предмети боюнча төмөнкү класстар үчүн окуу-методикалык комплекстери жарык көрдү:
3-класстар үчүн – 148 830 нуска;
4-класстар үчүн – 322 350 нуска (анын ичинен 158 700 нускасы Улуу Британиянын элчилигинин каржылык колдоосу менен басылып чыкты);
5-класстар үчүн – 305 010 нуска;
6-класстар үчүн – 299 850 нуска;
7-класстар үчүн – 288 750 нуска;
8-класстар үчүн – 282 050 нуска;
9-класстар үчүн – 270 730 нуска.
Жалпы тиражы 1 917 570 нусканы түзөт.