12 жылдык билим берүү. Мугалимдер Сингапур методикасы боюнча билим алууда

Билим Загрузка... 16 Июль 2025 19:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мугалимдерди окутуу иштери былтыр башталган. Ал эми быйылкы окутуу иштери учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамтекеттик университетинде өтүүдө. Сингапурлук 9 тренер өлкөнүн бүт аймактарынан келген 200гө жакын мугалимдерди жана методисттерди окутууда. Аларга кайра өз аймактарына барып мугалимдерди окутуу миссиясы жүктөлөт.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 18.43.16.jpeg

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомамбетов окутуулар быйыл экинчи жолу өтүп жактандыгын белгилеп, “Былтыр 88 мастер тренерлер даярдалып, алар кайра жер-жерлерде магулимдерди окутушкан. Бул жолу билим алган тренерлер 28-июлдан баштап аймактарга барып кайра мугалимдерди окутушат. Мугалимдер ошондой эле күзгү жана кышкы каникулдарда да билим алышат”, - деди.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 18.43.46.jpeg

Ал эми табигый илимдер боюнча окуудан өтүп жаткан Кара-Балта шаарындагы №12 Жайыл баатыр атындагы орто мектебинин директору Улан Абыкеев төмөнкүлөрдү айтты. “Биз 3 күндөн бери жаңы билим берүү стандарттарын жана программасын эл аралык ыкмалар менен үйрөнүү максатында билим алып жатабыз. Жаңы ыкмада китептер кэмбридж системасынын алкагында түзүлүп, которулуп жатыптыр. Мында маалыматтар, жумушчу дептер, методикалык колдонмо, тапшырмалар, сөздүк, QR-код менен берилген шилтемелер бар экен”,-деди ал.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 18.45.21.jpeg

Ошондой эле окутуу тууралуу Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Гүлнара Пусурова жогоруда аталган системанын айырмачылыктарына токтолуп жатып, “Буга чейин химия, биология, физика жана география предметтерин төрт башка мугалим берсе, эми бир гана мугалим окутуп калат экен. Окуу китептери дагы өтө жеңил жана кызыктуу түзүлүптүр. Мында мугалим “санарип мугалим” болот экен. Мурда мугалимдер иш-планын, материалдарды өзүлөрү даярдап келген болсо, мында баары даяр болот”, - экен деген оюн билдирди ал.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 18.45.57.jpeg

Ал эми табигый илимдер боюнча педагог жана методисттерди окутуп жаткан сингапурлук мастер-тренер Турнер Лам кыргызстандык мугалимдерди окутуп жатканына кубанычта экенин билдирди. “Мугалимдердин кабыл алуу жана өздөштүрүү деңгээли жогору экен. Алган билимдерин оңой эле кабыл алып жатышат. Мурунку жана азыркы китептерди салыштырышууда. Бул жетишкендиктер биздин эксперттер үчүн маанилүү. Себеби, алар муну менен тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизгенге мүмкүнчүлүк алышат”, - деди мастер.

WhatsApp Image 2025-07-16 at 18.46.57.jpeg