Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча соттун өкүмү чыкты.
Ишти караган судья Азирет Медеров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин 4 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле алардын мүлкүн конфискациялоо чечими кабыл алынды.
Сот ушул эле берене менен Бекболот Талгарбековду, Эмилбек Узакбаевди, Курманбек Дыйканбаевди, Аалы Карашевди жана Курсан Асановду да күнөөлүү деп таап, 4 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу өкүмүн чыгарды.
Ошол эле учурда сот бардык айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, аларга пробациялык көзөмөл колдонду.
Ушул жылдын февраль айынан бери камакта жаткан беш айыпталуучу — Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов пробациялык көзөмөлгө алынгандыгына байланыштуу сот залынан бошотулду.
Эске салсак, кылмыш иши бир топ саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө жана мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын токтотууга чакырган кайрылуусуна байланыштуу козголгон. Тергөө органдары "75чилердин катын" өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган аракет катары баалашкан.