Быйылкы жайда өлкөдө аба ырайы жаан-чачындуу болууда. Дээрлик бардык аймактарда нөшөрлөгөн жаан селдин жүрүшүнө, жолдорду жана турак үйлөрдү суу капташына себеп болуп жатат. Айрым учурларда табият кырсыгы трагедиялуу кесепеттерге алып келип, сел агымынан улам бир өспүрүм каза болду. Өзгөчө кырдаалдардын тез-тез кайталанышы фонунда шаар тургундарынын арасында: "Бишкектин жогору жактарында жайгашкан бийик тоолуу көлдөр борбор калаага коркунуч туудурушу мүмкүнбү?" деген суроо көп жаралууда.
Мындай кооптонуулар орундуу. Себеби нөшөрлүү жаан-чачындан кийинки негизги коркунучту көпчүлүк дал ушул мөңгү көлдөрү менен байланыштырат. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери бийик тоолуу көлдөрдүн баары эле жырылуу коркунучун туудура бербесин белгилешет. Анын үстүнө, Бишкекти суу менен камсыз кылган Ала-Арча жана Аламүдүн дарыялары башталган капчыгайлардагы көлдөрдүн абалы туруктуу көзөмөлгө алынган.
Борбор калаанын жогору жактарындагы бийик тоолуу көлдөрдө акыркы убакта эмнелер болуп жатат, алардын кайсынысы кооптуу деп эсептелет жана эмне үчүн жаанчыл жайга карабастан, учурда Бишкекке көлдөрдүн жырылуу коркунучу жок экени тууралуу "Кабар" агенттигинин материалында.
ӨКМ билдиргендей, эң чоң потенциалдуу коркунучту мөңгү-мореналык көлдөр, өзгөчө туруксуз деп аталган көлдөр туудурат. Салыштырмалуу алар эриген мөңгү сууларынан куралып, алардын көлөмү тез арада өзгөрүшү мүмкүн. Мындай көлдөрдүн табигый дамбалары бузулганда, алар ташкындарга же селге себеп болушу ыктымал.

Бирок бийик тоолуу көлдөрдүн баары эле коркунуч алып келе бербейт. Көпчүлүк көлдөр кадимки жаан-чачын учурунда коопсуз келет. Ал эми жер көчкү же тоо кулап, жолу тосулуп калган көлдөр өзгөчө кооптуу топко кирет. Мындай жерлерде нөшөрлүү жаан-чачындар ошол табигый дамбанын жуулуп кетишине түрткү болушу ыктымал. Дал ушул себептен адистер потенциалдуу кооптуу деп эсептелген объекттерди туруктуу көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурушат.
Бишкектин жогору жагындагы көлдөрдүн абалы кандай?
Борбор калаанын тургундарынын өзгөчө көңүлү, адатта, Бишкекке эң жакын жайгашкан Ала-Арча дарыясынын алабындагы көлдөргө бурулат.
ӨКМдин Мониторинг департаментинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ала-Арча капчыгайында бешке жакын бийик тоолуу көл космостук аппараттар аркылуу туруктуу көзөмөлдө турат. Алардын ичинен бирөө гана туруксуз категориясына кирет жана буга чейин андан суу жырылып кеткен учур катталган. Бирок, бул сезондо адистер коркунучтуу кырдаалдын жаралышынан кабар бере турган суунун ашыкча топтолушун аныкташкан жок.
Калган көлдөр эч кандай коркунучсуз, кадимки тартипте толуп жатат.
Ушундай эле көрүнүш Аламүдүн капчыгайында да байкалууда. Ал жактагы туруктуу көлдөр да нормадан четтебей, сезондук толуу деңгээлинде. Ошентип, бүгүнкү күндө адистер бийик тоолуу көлдөр тарабынан Бишкекке түздөн-түз коркунуч туудурган эч кандай процесстерди катташкан жок.
Мониторинг кантип жүргүзүлөт?
Көлдөрдүн абалын көзөмөлдөө бир гана атайын экспедициялар учурунда эмес, заманбап технологиялардын жардамы менен күн сайын жүргүзүлүп турат.
Мониторинг департаментинин адистери "Sentinel" жана "Landsat" спутниктеринен алынган сүрөттөрдү аралыктан талдап турушат. Бул суунун деңгээлин, көлдүн бетин жана алардын толуу динамикасын дыкат айкоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз кырка тоолорундагы жана Тескей Ала-Тоо кыркаларындагы көптөгөн көлдөр жакында эле муздан арылганын эске алуу керек. Мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгы көлдүн жайгашкан бийиктигинен гана эмес, рельефтин өзгөчөлүгүнөн, абанын температурасынан, кар катмарынын калыңдыгынан жана башка табигый факторлордон көз каранды.
Космостук сүрөттөрдү талдоонун негизинде эң биринчи кезекте текшериле турган көлдөрдүн тизмеси түзүлөт, андан кийин адистер жеринде изилдөө жүргүзүшөт. Жырылуу коркунучу бар көлдөрдүн каталогу үзгүлтүксүз жаңыланып, гидрологиялык абалдын өзгөрүшүнө жараша тобокелдик категориялары кайрадан каралып турат.
Эмне үчүн Бишкекке азырынча эч нерсе коркунуч туудурбайт?
Эксперттер бийик тоолуу көлдөрдүн бар болушу эле шаарга коркунуч бар дегенди билдирбей турганын белгилешет.
Эксперт Анара Султангазиеванын айтымында, Бишкектин жанында жайгашкан көлдөр маанилүү табигый кызматтарды аткарат. Алар сууну топтоп, агымды табигый жөнгө салууга катышат жана жер астындагы суулардын запасын толуктайт.

Кадимки шарттарда бул суу объекттери борбор калаа үчүн олуттуу коркунуч туудурбайт.
"Ал тургай узакка созулган калың жаан учурунда да, тобокелдик көлдөрдүн өзүнө эмес, шаардагы дренаждык инфраструктуранын, арык тармактарынын жана дарыя нуктарынын абалына көбүрөөк байланыштуу болот. Эгерде суу өткөрүүчү тутумдар түзүк иштеп жатса, олуттуу кесепеттердин келип чыгуу ыктымалдыгы бир топ төмөндөйт. Ошондуктан, адистер бийик тоолуу көлдөрдүн азыркы абалын жана колдонуудагы көзөмөлдөө тутумун эске алуу менен, Бишкекке кандайдыр бир коркунуч бар деп айтууга негиз жок деп эсептешет", - деди ал.
Белгилей кетсек, көлдөрдү көзөмөлдөө - өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу боюнча чоң тутумдун бир гана бөлүгү.
Коркунуч жаралган учурда ӨКМ жалпыга маалымдоо каражаттары жана расмий байланыш каналдары аркылуу шашылыш эскертүүлөрдү ыкчам таратат. Айрым учурларда тургундарга коркунуч туулушу мүмкүн болгон конкреттүү аймактар алдын ала кабарланат.
Ошол эле учурда министрликтүн райондук бөлүмдөрү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калың жаан жана сел коркунучу учурундагы коопсуздук эрежелерин эске салып турушат.
Мындан тышкары, жыл сайын төмөнкүдөй алдын алуу иш-чараларынын комплекси аткарылат:
- дарыя нуктары, арыктар жана суу өткөрүүчү курулмалар тазаланат;
- дарыя жээктери бекемделет;
- селден коргоочу дамбалар курулуп, каралат;
- сел агызуучу каналдар аныкталып, тазаланат;
- потенциалдуу кооптуу тилкелерге инженердик изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Дал ушундай чаралар аба ырайынын жагымсыз шарттарында да өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары, маселени системалуу түрдө чечүү үчүн Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу жана кесепеттерин жумшартуу боюнча 2025-2030-жылдарга каралган президенттин жарлыгы иштеп жатат.
Бул документти аткаруу максатында министрлер кабинети иш-чаралардын комплекстүү планын бекиткен. Учурда гидротехникалык курулмаларды текшерүү менен алектенген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.
2026-жылдын октябрь айына чейин өлкө боюнча суу сактагычтарды, суу өткөрүүчү курулмаларды, дамбаларды жана калктын коопсуздугуна таасир этүүчү башка объекттерди толук инвентаризациядан өткөрүү пландаштырылууда.
Ошентип, бүгүнкү күнгө карата ӨКМдин адистери Бишкектин жогорку жагында жайгашкан бийик тоолуу көлдөрдө коркунучтуу процесстерди катташкан жок. Белгилей кетүүчү жагдай, заманбап спутниктик мониторинг, үзгүлтүксүз талаа изилдөөлөрү жана адистердин туруктуу көзөмөлү ар кандай өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоого шарт түзөт. Андыктан, учурда бийик тоолуу көлдөр тарабынан Бишкек шаарына түздөн-түз коркунуч бар деп айтууга эч кандай негиз жок.
Ошону менен бирге, адистер коопсуздукту сактоо үчүн туруктуу мониторинг жүргүзүү, гидротехникалык курулмаларды оң абалда кармоо жана алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз аткаруу керектигин баса белгилешет. Бул чаралардын комплекси бүгүнкү күндө тоолордогу табигый процесстер көзөмөлдө калып, борбор калаанын тургундарына коркунуч туудурбашынын негизги кепилдиги болуп саналат.